Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Украинадагы жаңжалдан улам 266 миң адам дайынсыз жоголду
Украинадагы жаңжалдан улам 266 миң адам дайынсыз жоголду
17-август, 13:18


Украинадагы жаңжалга байланыштуу дайынсыз жоголгон адамдардын саны 266 миңге жетти. Бул тууралуу 16-августта ЭККК билдирди.
ЭКККнын маалыматына караганда, июль айынын аягына карата уюмга кайрылган үй-бүлөлөр 266 миң дайынсыз жоголгон адамды издеп жатышат. Алардын арасында аскер кызматкерлери, карапайым жарандар да бар. Издөө эки тараптан тең дайынсыз жоголгондор боюнча жүргүзүлүүдө.
Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга байланыштуу ЭКККнын Борбордук издөө агенттигинин бюросу 2022-жылдын март айында Женева шаарында ишин баштаган.











