Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оозуна алы жетпеген Бактыбек Калмаматов!

Оозуна алы жетпеген Бактыбек Калмаматов!

27-ноябрь, 11:42
1 728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов журналист Назира Айтбекова менен болгон маегинде ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинен адилетсиздиктин айынан айдалып кеткенин айтты. “Биздин билим берүү тармагы нан саткан наавайканадан айрымасы жок калганын түшүндүм. Диплом сатылат” деп ОшМУну шыбады. 


Бирок, ал фактыларды келтирген жок, билим берүү наавайкана болуп калганын далилдеген жок. Калмаматов окууну жөндөп кете албаган өзүнүн кемчилигин башкаларга оодарып, мугалимдерди ак жеринен каралай береби? Кийин Ош юридикалык институтун сырттан окуганын, ал жерден жыргатып деле билим албай, анык билимди Жогорку Кеңештен алганын баса көрсөтүп айтты. Эгер Жогорку Кеңеш жакшы билим берүү борбору болуп“Оксфорд” болуп кетсе, анда эмне үчүн фамилиясын туура жаза албаган, жазып берген текстти онтолоп окуй албаган “макалё“сексалюлар чыгып жатат? Бактыбек Калмаматовдун тилинен чаң чыкканы менен ал сүйлөгөндө билими тайкы экени көрүнүп калып жатпайбы?! 

Ошон үчүн ал Жогорку Кеңештен ээ болгон тажрыйбасына мактанбай эле койсун. Себеби, тажрыйба менен билимди ажырата албай жатканынын өзү анын интеллекти, жалпы билим деңгээли төмөн экенин далилдеп турат. Эми Бактыбек Калмаматов сынга чычалабай, алыска чабыла турган күлүк болгондон кийин күчүн сайраган тилинен чыгарбай, али да болсо кеч эмес, билимин тереңдетсе жаман болбойт эле...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер