Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Астрологдор менен төлгөчүлөрдүн келерки жылга божомолдору

Астрологдор менен төлгөчүлөрдүн келерки жылга божомолдору

30-декабрь, 23:57
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүткүл дүйнө үчүн өтө оор болгон 2023-жыл акырындап аяктап баратат. Ошондуктан биздин планетанын тургундары келе жаткан 2024-жылдан жеке көйгөйлөрүнүн чечилишин гана эмес, өз өлкөлөрүндөгү кырдаалдын турукташтырылышын да күтүшөт. Көптөгөн астрологдордун жана көзү ачыктардын божомолу боюнча, 2024-жыл жер жүзүндөгү адамдар үчүн оор сыноолордун мезгили болот. 

 Астрологдордун айтымында, 2024-жыл секирик кандай болгон күндө да, бүткүл дүйнө үчүн оор мезгил болот. Анткени ал ар бир адамдын туруктуулугун жана күчүн сынайт. Дүйнөлүк аренада чыныгы тарыхый жана масштабдуу чоң саясый өзгөрүүлөр орун алат. Мезгил-мезгили менен эл аралык чыр-чатактарда, саясатта, каржыда жана сүйүүдө кырдаалдын кескин курчушу мүмкүндүгүн айтышат. Айрыкча 2024-жылы эң оор үч мезгилди – январдын жана ноябрдын үчүнчү он күндүгүн, ошондой эле сентябрдын башын белгилешет.

Америка Кошмо Штаттарында, астрологдордун айтымында, 2024-жылы боло турган президенттик шайлоого байланыштуу чоң ички чыр чыгышы мүмкүн. Ал эми өлкөдөгү бул кризис 2027-жылдын аягына чейин созулат. Ошондой эле 2024-жылы технологиядагы олуттуу жетишкендиктерди болжолдошот. Атап айтканда, автоматташтыруу жана жасалма интеллект тармагында окумуштуулар мурда жеткиликтүү болбогон жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышат.

Нострадамустун ой-жорумдары ойго салат       

Француз астрологу жана көзү ачык Нострадамус 2024-жылы аскердик чыр-чатактар, табигый кырсыктар жана олуттуу климаттык өзгөрүүлөр болорун айткан. Анын болжолдоосу боюнча, 2024-жылы экологиялык жана техногендик коркунучтуу кырсыктар биздин планетаны каптайт – Европа менен Түндүк Америка өзгөчө катуу жапа чегет.

Француз астрологу 2024-жылы дүйнөлүк деңиздердин деңгээли тездик менен көтөрүлүп, жээктеги шаарлар суу астында кала баштарын болжолдогон. Ошол эле учурда башка шаарлар кургакчылыктан жана жаан-чачындын аздыгынан жапа чегишет. Бул айыл чарбасына зыян келтирип, айрым аймактарда ачарчылыкты жаратат. Ар кайсы аймактардагы жер титирөөлөр чыныгы кырсыктын булагына айланат. Белгилүү бир "жарыктар шаары" өзгөчө кыйроого дуушар болушу мүмкүн. Криптографдар бул АКШнын шаарларынын бири болорун болжолдошууда.

Нострадамус 2024-жылы Улуу Британияда тактыда монарх алмашарын айткан. Анын божомолу боюнча, Карл III тактыдан баш тартууга аргасыз боло турган кырдаал жаралышы мүмкүн. Монарх мындай чечимди өзүнө жана экинчи аялы Камиллага кол салуулардан улам кабыл алат имиш.

2024-жылы Нострадамус Рим папасы Франциск I тактыдан баш тартууну жана Ватикандын саясатын өзгөртө турган жаңы, жаш понтификтин тактыга шайланышын болжолдогон. Маалым болгондой, азыркы Папанын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар жана понтификтин милдеттерин аткаруу барган сайын кыйындап бараткандыктан, титулдан баш тартууга даяр.

Нострадамус 2024-жылы жаңы альянстарды түзүү жана эскилерин жоюу мүмкүн болорун да айткан. Кеп, балким, тездик менен беделин жоготуп бараткан БУУ жөнүндө болсо керек.

Кытайдын эл аралык аренадагы позициясы 2024-жылы бекемделип, Жакынкы Чыгыш менен Азиядагы чыр-чатактар ого бетер начарлап бараткансыйт.

Нострадамус экономикалык чөйрөдө олуттуу окуяларды белгилегенАнын  божомолуна караганда, Европаны ачарчылык каптап, АКШ лидерлик позициясын жогото баштайт. Ушул факторлордон улам адамдар агрессивдүү болуп, бийликке азыраак баш ийишет.

Ванганын айткандары төп келеби?

2024-жылы Ванганын болжолдоосу боюнча, дүйнөлүк күчтөрдүн тең салмактуулугун толугу менен өзгөртө турган окуялар болот. Бирок ага чейин дүйнө жаңы ооруларга, эң жөнөкөй нерселердин жетишсиздигине жана ачарчылыкка туш болот. Америка Кошмо Штаттары дүйнөлүк лидер статусунан ажырап, өлкөдө оор экономикалык кризис башталарын эскерткен. 2024-жылы дүйнөлүк илимде глобалдык өзгөрүүлөр болорун, ал кванттык компьютерлер жаатындагы илимпоздордун жетишкендиктери менен коштолорун айткан.

Ванганын божомолу боюнча, Россия үчүн 2024-жыл сыноолорго толгон окуяларга коштолот. Көптөр курмандыкка чалынышы керек, бирок бул мамлекетти бекемдейт. Көзү ачык 2024-жылы Россияда жаңы лидер пайда болорун айтканы, мамлекет башчынын өлүмүн божомолдогону чын чыгабы? 2024-жылы Россияда жогорку деңгээлде өзгөрүүлөр күтүлүп, анын натыйжасында байлар жакырланып, кедейлер байыйт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер