» Саясат » Генерал Мурат Боронов багынта турган бийиктиктер али алдыда
Генерал Мурат Боронов багынта турган бийиктиктер али алдыда
05-октябрь, 18:49
763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
5-октябрь кылмыш иликтөө кызматкерлеринин кесиптик майрамы! Бул күнгө карата алыскы Баткен ОИИБ начальниги Мурат Бороновду куттуктап, эки ооз жылуу сөз жазууну эп көрдүк. Себеби, милициянын башка жетекчилерине караганда аймагы татаал, кооптуу жерде эки жылдан ашык убакыттан бери кызмат өтөп келатат. Ары оор, түйшүктүү жолду тандап, чейрек кылымдан бери Мурат мырза мамлекетке ак кызмат кылып, кылмыш иликтөө жүгүн артынып, тартип, коопсуздук тармагында бараандуу эмгек сиңирүүдө. Мамлекет тарабынан убагында бааланып, генерал-майор чин-даражасын алганы да огожо. Эр ортону элүү жаш курагынан жаңы ашып, акыл-эс, тажрыйбасын, күчүн элибиз үчүн арнап, Баткен аймагында жемиштүү иштеп атканы кубандырат. Мындан ары да ийгиликтер коштоп, укук сакчысы катары тажрыйбасын бөлүшүп, милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошо берсин! Генерал Мурат Боронов багынта турган бийиктиктер али алдыда. Кыргыз элинин маңдайына бар болсун!