Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар Жунушалиев министр болгону кылмыштуулук күчөп, чегинен чыгып кетти

Кашкар Жунушалиев министр болгону кылмыштуулук күчөп, чегинен чыгып кетти

13-январь, 01:25
1 856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чак түштө үч зөөкүр Болот Темировду тепкилеп, телефонун тартып алып кетишкени, алар видео байкоого да түшүп калышканы интернет айдыңына желдей тараган. Бул боюнча коомчулукта курч талкуулар жаралып, ар кандай маанайда баа берилүүдө. 

Депутат Жанар Акаев билдирүү жасап, ИИМди сынга алып, эгерде журналистти сабагандар табылбаса, анда министр Кашкар Жунушалиев отставкага кетиши керек экенин билдирди. О.э. буга чейин криминалдык күчтөрдүн баш көтөргөнүн белгилеп, ишкерлерди өлтүрүү, талап-тоноо сыяктуу коомчулукка коркунуч жаралганын да кошумчалаган. Аныгында, министрдин иштей албай аткандыгы үчүн сын пикирлер курчуп кетти...

Ооба, журналисттин окуясы боюнча милиция кызматкерлери ыкчамдык менен издөө салышканда, зөөкүрлөрдүн кеткен багыттарын кубалоо менен сары издерине түшүшсө болбойт беле? Учурда шаар ичинин баарына видео байкоолор орнотулган да. А эмне үчүн ушул убакка чейин кылмышка шектүүлөрдү Кашкар Жунушалиев кармата албай жатат? Таңгаласың, колунан кокон тыйын келбесе бийликке сөз тийгизбей, элди да кыйнабай кызматынан кетпейби?..

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер