Күйөөм кемсинткен сайын жүрөгүм ооруп, заманам куурулуп кетет
“Акыркы күндөрү кимге арманымды айтууну билбей калдым. Бир туугандарыма айтайын десем, баары өз турмуштары менен алек болуп кетишкен. Ал эми апамдан болсо жашоомдо болуп жаткан окуялардын көбүн жашырып коём. Ичиме арманым батпай кеткенде баарын ыйлап, бакырып айтып бергим келет, бирок байкушум өзү ооруп араң жүрсө мен кошумча болбоюн дейм…
Азыр жашым 32 де. Мындан 10 жыл мурун, эжемдикине конокко барганда күйөөм ала качып кеткен. Азыр ортобузда үч балабыз бар. Башынан эле турмушубуз жакшы башталды деп айта албайм. Жолдошум өзү ичкиликке жакын болгону аз келгенсип, өтө кызыл камчы экен. Үйгө келгенде сөзсүз бир нерседен кыйкым таап урушуп, мени бир-эки чаап албаса моокуму канбачудай, дайыма жумурткадан кыр издей берет. Эч нерсе таппай калганда менин кулагыма асылып, “дүлөйсүң” деп кемсинте бермей адаты бар. Анткени менин бир кулагым тубаса жабык төрөлгөм. Мектепте окуп жүргөн кезимде, чачты коё берүүгө болбосо да балдар шылдыңдабасын деп кулагымды жаап жүрчүмүн. Эми минтип турмуш курганда ар күн жолдошумун шылдың, мазактоосун угуп жашоого туура келүүдө. Башында абдан жиним келип, “мен күнөөлүүмүнбү? Кудай ушинтип жаратып койсо эмне кылайын?” деп ыйлап жүрдүм. Азыр деле ушинтип айткан сайын жүрөгүм ооруп, заманам куурулуп кеткенсийт. Кээде “ушул сөздөрдү айтпай туруп эле сабаса” деп да ойлонуп кетем. Бул турмушта эң жаманы көңүл калуу экенин түшүндүм. Анткени, ушул мазактоолор жүрөгүмө ушунчалык катуу тийгендиктен, күйөөмдүн бул кемсинтүүлөрүн өмүр бою унута албасам керек деп ойлойм.
ayal_kg