Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: “Көп убактымды, негизги өмүрүмдү спорт залга кетирдим”
-- Шайлообек мырза, жаңы жылдык эс алуу учурунда округга барып келбедиңизби. Шайлоочулар кандай көйгөйлөрүн айтышты?
-- Эл балдар бакчаларынын жетишсиздиги жөнүндө көбүрөөк айтып жатышат. Ошондой эле мектептер, транспорт каттамдарын көбөйтүү боюнча да өтүнүчтөр көп болду. Айрыкча Ак-Бата, Ак-Тилек, Келечек сыяктуу жаңы конуштарда транспорт каттамдары жетишсиз экендигин белгилешти. Андан сырткары, 2023-жылга жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча да көп кайрылуулар түштү.
-- Кечээ жакында эле депутаттардын декларациялары жарыяларды. Алардын арасында эң жупунусу эле сиз окшойсуз? Шаарда тамыңыз, машинаңыз да жок экен...
-- Мен бизнесмен эмесмин, буга чейин спорт чөйрөсүндө жүрдүм. Жалаң айлык менен гана иштеп келатам. Учурунда көп убактыбызды, негизги өмүрүбүздү спорт залга кетирдик. Машыктыруучулардын айлыгын өзүңүздөр билесиздер, 20-30 миңдин тегеригинде. Завод-фабрикаларыбыз жок. Кудай буюрса, келечекте болуп калаар...
"Азия Ньюс" гезити