Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самат Курманкулов президент Жээнбековго, элчи Жекшенкуловго ыраазычылык билдирди

Самат Курманкулов президент Жээнбековго, элчи Жекшенкуловго ыраазычылык билдирди

03-апрель, 18:09
3 742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкулов досум видеозвонок менен байланышка чыкты. Экөөбүз ал-жай сурашып, кенен сүйлөштүк. Москвадагы элчибиз Аликбек Жекшенкулов көп жардам бергенин, атайын квартирага жаткызганын, аз күндө Бишкекке уча турганын айтты. Баарлашуубуздун урунттуу жерлерин ортого салайын.

Самат мырзанын абалы кадимкидей жакшырып калганын байкадым. Ал эң башкысы ден соолук, үй-бүлө, балдардан өткөн байлык, баалуулук жок экенин баса белгиледи. Үч жолу башына операция жасалганын, 40 күн комада жатканын, абдан кыйналуу менен оор сыноону өткөрүп, Кудайдын, дарыгерлердин колдоосу менен бутуна турганын айтып отурса, ички толкунданууга кабылат экенсиң... “Тиги дүйнөгө барып келгендей эле болдум. Жашаш керек, өлүп калсам беш балам эмне болот эле? Төшөктө жатып үй-бүлөмдү көп ойлодум. Эми жанды кейиткен күндөр артта калды... Аслан, коронавирустан сактан, жакында көрүшөбүз!” деп чын жүрөктөн айтылган сөздөрүнө каниет кыласың. Кыйын убакта жубайы арка-жөлөк болуп, иниси да каралашыптыр...

Самат Курманкулов ооруканада дарыланып жатканда президент Сооронбай Жээнбеков келип, жылуу сөздөрү менен дем бергенине, элчи Аликбек Жекшенкуловдун кам көргөнүнө ыраазчылыгын билдирди. Сакайып кетүү үчүн дары-дармектен сырткары көңүл көтөрүү да маанилүү. Мамлекет мындан ары каарманыбызга көмөк көрүшү шарт. Кудай буюрса, Самат Курманкулов мекенине келип алса, аздан адаптация болуп, жумушуна чыкса, ден соолугунун калыптанышына өбөлгө түзүлөт эле. Генералдык чин-даражаны да ыйгарыш керек.

Менин жеке маалыматым боюнча, Москвадагы дарыгерлер Самат Курманкуловдун бекемдигине, духунун күчтүүлүгүнө таңгалышыптыр. Ал тырышып, жашап кетүү үчүн күрөшкөнү – суктанууну жараткан тура...

Асланбек Сартбаев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер