Баркы кеткен кесип же мугалимдин түйшүгүн баалабаган коомго каяша сөз!


Кийинки учурда мугалимдин кесиби анын мектептеги кадыр-баркы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып, коомчулуктун талаш-тартышын жараткан фактылар чагылдырылып жатат.
“Педагогиканын атасы” деп эсептелген Ян Амос Коменский чыныгы мугалим тууралуу мындай деп айткан: “Жакшы мугалим болуш үчүн эмнени окутуп жатсаӊ ошону, кимди окутуп жатсаӊ ошолорду сүйүшүӊ керек”. Ооба, идеалда ушундай болушу керек. Субъективдүү түрдө өз билимин, кесибин жана мугалимдик кесиптин объектиси болгон балдарды сүйгөн мугалимдер сейрек учураса да, бар болушу мүмкүн. Эмне үчүн мындай эӊ баалуу жана негизги шарт болгон кесипти сүйүү менен мамиле кылуу сейрек кездешет? Сиз өз кесибин, демек баланы сүйбөгөн мугалимге балаӊызды окутуп тарбиялоого ишенип берет белеӊиз? Албетте, жок. Бирок турмуш көрсөткөндөй биз бул шартка көздү жуумуп коюп жатпайбызбы. Мектепке берип жатканда бизди мектептин престижи же району, класста канча окуучу бар экендиги жана төлөнүүчү акысы, андан кийин гана мугалимдин орду, кесипкөйлүгү акыркы орунда кызыктырышы мүмкүн. Албетте, бул түйшүк менен мектептин админстрациясы алектениш керек, алар сизди бул же тигил мектепте балаӊызды жаркырап тосуп алчу жакшы адамдар, өз кесибинин фанаттары иштейт деп баардык күчү менен ишендирет эмеспи. Сиз ага ишенбесеӊиз да ишенгендей түр менен балаӊызды өткөрүп бересиз. Бала урматтап-сыйлаган өз устатына эмес, мамлекеттин же баланын ата-энесинин колун караган бир катардагы байкушка барабы? Кеп мына ушунда. Сиздин көмүскө аӊ сезимиӊдеги тандооӊуз кандай болсо, ошондой мугалимге туш болосуз. Демек, эӊ алгач ата-эненин милдети да мектепке баруучу баланын назик аӊ-сезимине билим, таалим-тарбия берчү мугалимге, тажрыйбалуу адамга карата тереӊ сый-урмат мамилесин калыптандыруусу болуп саналат. Бирок азыр коомдогу бийликтин жогорку тепкичинде турган чиновник гана эмес, ата-эне, коомчулук мугалимди эч кимге жооп кайтара албаган, баарына макул болгон бечара катары көргөнү ачык эле айтылып жатса эмне дейсиз?
Ата-эне сыйга жана ишенимге татыктуу Устатты тандаса, бала так ошондой устатка жасаган тереӊ сый-урмат менен мектеп босогосун аттайт. Эгерде мындай тарбиянын пайдубалы жок болсо, мугалимдин иши абдан оорлошот. Ата-эне мугалимге жогортон ылдый карай караган меркантилдүү заманда, биз так ушундай мамилеге көп учурап жатабыз. Мугалим өз кесибин сүйүш үчүн анын жасаган иш-аракети жогорку деӊгээлде гана эмес, биринчи кезекте өз окуучусу жана анын ата-энеси тарабынан бааланышы керек. “Сабагыӊыз үчүн рахмат! Сиздин сабагыӊыз бизге абдан жагат! Кийинки сабакта да жооп бергим келет!” деген сөздү уккан мугалим бактылуу болот. Бирок мындай ыраазычылык сөздөр сейрек айтылат. Мугалим канчалык жанын карч уруп, бала үчүн баардыгын жасап, сабагына даярданып келсе дагы жакшы сөз, жакшы мамиле сейрек учурайт. Ал өз баласын, өз үй-бүлөсүнө берчү убактысынын көп бөлүгүн ошол сабактарга даярданууга, дептерлерин текшерип кошумча материалдарды издөөгө жумшайт. Көпчүлүк мугалимдердин балдары оорукчан, үй-бүлөсү каралбаган абалда же жолдошу камкордукка алынбай ажырашып же сыркоолоп калышы мүмкүн, бирок ар бир мугалим сабагына сөзсүз даярданып билим берейин деп аракеттенип келет. Бирок бир окуучунун мамилеси, туура эмес сөзү же каяшасы мугалимдин духун түшүрөт, жүрөгүн оорутат. Буга ата-эненин мамилеси кошумча болот. Эгерде баланын ата-энеси мектептин админстрациясы менен кошулуп, мугалимдин иш-аракетин сындоочу, талдоочу кээде жазалоочу позицияда турса кайсы сый-урмат болушу мүмкүн?
Кайсы бир окуучулар ата-энесинин же курдаштарынын таасири аркылуу мугалимге так ушундай сындоочу, ал тургай шылдыӊдоочу көз карашка өтүп мамиле жасаганын көрүп жатабыз. Алар мугалимдин сабагына көӊүл буруунун ордуна ага жолтоо кылып, адамдын сапатына шек келтирип, видеого тартып, класстын же топтун вацап түйүнүнө жиберген учурлары да болуп жатпайбы! Мугалимдин бардык күч-аракети сапаттуу сабак өтүү эмес, ушундай көрүнүштөр менен алышуу аркылуу алагды болот, энергиясы башка тарапка бурулат, жандүйнөсү жабыркайт. Адам катары ызаланат, кээде ачууга да алдырып коёт. Баланын класстагы мындай терс жүрүм-туруму, мугалимге карата мамилеси бул үйдөгү ата-эненин мугалимге болгон, билим алууга болгон мамилесинин күзгүсү. Эгерде ал мамиле бузулуп жатса, биринчи кезекте ата-энени, коомчулукту тарбиялаш керек. Коомдук пикирди, мугалимдик кесипке карата мамилени мамлекеттик деӊгээлде оӊдош керек. Ооба мамлекеттик деӊгээлде! Антпесек, өз кесибинин түмөн түйшүгү аз келгенсип, коом тарабынан басмырланган, өз окуучулары тарабынан шылдыӊданган футлярдагы бечара мугалимдин образын алышыбыз мүмкүн. Баардык жагынан күнөөлүү абалда калган, түмөн түйшүктөн арылбаган инсанда кайсы энергия, кандай өнүгүү болушу мүмкүн? Коомчулук, ата-эне балдарын ушундай адамдык сый-урматтан, устаттык укугунан ажыраган бир байкуш баласын окутуп тарбиялаганын каалайбы? Дегеле ушундай абалда сапаттуу билим, жакшы тарбия берүү мүмкүнбү?
Ооба, мүмкүн эмес, ошондуктан балдарыбыз чала сабат, тарбиясыз болуп, мектепти эптеп-септеп бүтүп жатышат, капчыгы калыӊ ата-эненин арты менен чет өлкөгө кетишет же акча менен бир вузду бүтүшөт, карапайымдары мигрант болуп Россияга барышып, акча таап тиричилик кылышат. Ошондуктан коом отуз жылдан бери өнүкпөй башаламандыктын, жакырчылыктын жана рухий жардылыктын сазынан чыга албай келе жатат. Коомду алдыӊкы билим, жоопкерчиликтүү тартип гана оӊдой турганын ар бир акыл-эси жеткилеӊ жаран аӊдап түшүнүп калган заманга келдик.
Азыр коомдун баардык материалдык жана рухий күч-кубаты мугалимди колдоого, анын коомдогу абалын жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталыш керек. Дүйнөлүк алдыӊкы тажрыйбаларды оозеки айтып коюп, компоюп басып жүрө бербей иш жүзүндө жайылтуу зарыл. Ошол өлкөлөрдөгү шартты жакындатып түзүп, коомчулук мектепте ар тараптан жардам берген партнёрдун ролуна өтүүсү зарыл. Мугалимдин иш жүктөмү азайып, өзүн-өзү өнүктүрүүчү бош убактысы көп болгондо, коомчулуктун сый-урматын жана колдоосун сезгенде гана ал эркин боло алат. Жасап жаткан ишинен да рахат алып канаатттанат, ага урмат менен мамиле жасаган окуучуларын сүйөт. Ошондо гана ал Я.А.Коменский айткандай: “Чыныгы мугалим катары окуучулардын эркин ой жүгүртүүсүн, өзү гана эмес коомдун алдындагы жоопкерчилигин сезген чыныгы инсанды тарбиялап окута алат”.
Курманкан Абдиева, Бишкек шаары











