Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сварщик” Султан Кермалиев Балыкчыда көпкө кармалбасы болжонууда

“Сварщик” Султан Кермалиев Балыкчыда көпкө кармалбасы болжонууда

10-июль, 21:58
1 339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балыкчы шаарына Султан Кермалиев мэр болуп, дароо эле интервью берип, коомчулуктун талкуусуна алынды. Шумдугуң кургур! Ал этикадан сырт кыймыл-аракети, ыксыз, маанисиз сүйлөгөндөрү менен көпчүлүктү таңгалдырды. Алтургай президент Садыр Жапаров да комментарий берип, оңолушу керектигин эскертти. Султан Кермалиевдин өмүр баяны кызык экен. Каарманыбыз “сварщик” кесибинен көтөрүлүп, Балыкчыда темир ширетип, ошондон көзгө илинип, мэр болуп отурбайбы. Анан калса, дайыма канжар көтөрүп жүргөнү да коомчулукту таңгалдырган. Көрүнүктүү шаарда мындай кадр көпкө отурбасы да болжонууда. Себеби, адаттан тыш жүрүм-туруму, мамлекеттик кызматтын стандартына, этикасына эп келбеген жоруктары токточудай эмес. Көлдүн жайкы сезонунда улам мэрлер алмашып, ыраасыздык жаралып жатканы өкүнүчтүү. Чолпон-Ата, Каракол, Балыкчыга кимдер келип-кетишүүдө? “Эшегине жараша тушагы” дейт. Өкмөт башында башкаруусу начар Адылбек Касымалиев отурса, анан андан ылдыйкылары ыраатка салынмак беле? Кыскасы, кадр саясатын өкмөттөн баштап оңдошпосо, “мышык-чычкан оюнундай” эле кубалашып, сүрүшүп жүрө беришеби? Айтор, Адылбек Касымалиевди алмаштыруу менен жипке тизген шурудай көрүнүшкө барышса...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер