Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тимур Моне: “Ийгиликке жетүү үчүн ITнин бир тармагына ээ болуу зарыл”

Тимур Моне: “Ийгиликке жетүү үчүн ITнин бир тармагына ээ болуу зарыл”

19-январь, 09:30
1 819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жылдыз” академиясынын негиздөөчүсү менен маек.

Өлкөбүздүн өтө акылдуу уул-кыздары саясатка аралашпай эле, эч бир пиарсыз сонун иштерди аткарып жатышат. Келечегибиз ушундай дүйнөтаанымы кең, жашоолорду жакшы жагына өзгөртүүгө салым кошкон жаштарбыздын колунда. Ал жаштар дүйнөнүн алп IT компанияларында жогорку кызматтарды аркалап жаткан кездери. Биз бүгүн миңдеген жаштарыбызды окутуп, улам элге керектүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан “Жылдыз” академиясынын негиздөөчүсү Тимур МОНЕ менен маек курдук.

 -- "Жылдыз" академиясы тууралуу көп жерлерден жылуу пикирлерди угуп калабыз. Ал качан, кандайча уюшулуп калды эле?

-- “Жылдыз Академи” (Jyldyz Academy) – онлайн программалоону окутуу академиясы. 2020-жылы өз жетектөөм менен негиздегем. Академиянын аты апамдын атынан “Жылдыз” аталып калган. 

Биздин академияда негизинен веб программалоо жана iOS системасы үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу курстары окутулат. Академиянын негизги максаты – өлкөбүздүн жаштарын, жарандарын IT багытына багыттоо жана аймактардын жашоочуларына бул боюнча эң мыкты мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, тааныштыруу болуп саналат. “Жылдыз” академиясы тууралуу жакшы сөздөрдүн эл арасында жүрүп жатканы бизди да абдан кубандырат. “Элге пайдабыз тийсе экен” деп аракет кылып жатабыз. 

Эми эл арасындагы жылуу пикирлерге келе турган болсок, 2021-жылы карантин болуп, көпчүлүк жаштар үйдө отуруп, интернетте болбогон нерселер менен алек болуп жатканда, “100 студентти акысыз окутуп берели” деп курс уюштурганбыз. Негизи Бишкекте 70тен ашык курстар бар. Ошондуктан биздин окуу долбоору региондорго багытталган болчу. Ошол учурда эле абдан кызыгуу жаратып, бизге кайрылган адамдардын саны 500дөн ашып кеткендиктен, 100 эмес 130 адамды тандоо кылып, окуу башталган. Бул долбоорду кыргыз тилинде Эркебек Абдрахман уулу алып барган. Беш айдан ашык окутуп, бүтүргөндөн кийин дагы деле кызыгып, окуйм деген адамдардын көп экенин көрдүк. Бул долбоорду, ушундай окутууну колдогон, IT жаатында эмгектенип жүргөн Бакыт Абдишев, Айдана Өмүрбаева жана Ренат Самудиновдун кол сунуусу менен дагы бир жолу уюштурууну туура көрдүк. Ошентип, “Келечек акысыз IT” долбоору деп иштеп чыгып, жарыя кылганыбызда, бизге кайрылган адамдардын саны 8 миңден ашып кетти, биз негизи 500 адамды окутмакпыз, анан командабыз менен кеңешип, 1000ге токтодук. Бирок дагы деле талап көп болгондуктан, абдан жакшы иликтөө менен 8 миң адамдын ичинен 2750сүн кабыл алдык.

Ошондой көп адамды акысыз окутуп жатканыбыз үчүн алар соцтармактарда бизди белгилеп, окуу тууралуу кеп кылышкандыктан, эл арасында да жылуу пикирлер айтылып жүрөт. 

-- Программист болууга кызыккандар өтө арбын тура. Деңгээлдери кандай? Кызыккандар үйрөнүп кете алабы?

-- Бул тармакка кызыккандардын арбын экенин жогоруда өзүңүз деле байкасаңыз керек, өтө эле көп. Анан деңгээл жагына келгенде, ар кандай жарандар бар. Такыр эле “нөл” маанайда келип, үйрөнүп жаткандар да бар, өздөрү да жакшы деңгээлде келип, улантып кеткендер да бар.

-- Жашы өткөндөргө кеч эмеспи?..

-- Бир эле бул тармакты эмес, деги эле окууга эч качан кеч эмес да. Кайсы тармакты кааласа, качан окуса, сөзсүз ийгиликке жетсе болот. 35-40 жаштын тегерегинде кызыккан, окуп жаткан жарандарыбыз өтө эле көп.

 -- Заманбап технологиялардын күчү менен өлкөбүздүн келечегин кандай элестетесиңер? Жаркын келечек күтөбү?

-- Өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча билимдүү жаштарга гана ишенебиз. Биз, албетте, саясатка аралашпайбыз, кандайдыр бир коомдук талкууларды кылбайбыз. Болгону өлкөгө салым кошуу үчүн ар бир жаран өзүн өнүктүрүү керек экенин баса белгилейбиз. Албетте, өлкөбүздүн келечеги алдыда, сонун өнүгүү болуш үчүн заманбап технологиялардын күчү менен көп ийгиликтерге жетсе болот. Анүстүнө жарандарыбыз абдан жигердүү жана билим алууга абдан дилгир. 

 8-декабрда классикалык музыка боюнча кайрымдуулук концерт өттү. Негизги максат – “Чырак” деген долбоорду каржылоо болчу. “Чырак” – бул биздин кыздарыбызга, айымдарыбызга жана апаларыбызга санариптик кесиптерди, ийкемдүү жөндөмдөрдү жана келечекке болгон ишенимге ээ болууга жардам берүү үчүн үч айлык окуу долбоору. Бакыт Абдишев жана Айдана Өмүрбаеванын колдоосу менен концерт эң жогорку деңгээлде өттү. Элдин күчү менен 100дөн ашык жаш балдарга бекер орундар берилди. Буюрса марттын башында башталат. Катышуу үчүн биздин Инстаграм баракчабызга катталып, маалыматты күтүү керек. Эч кандай чектөө жок жана бекер.

-- Программалоо боюнча кыргыз жаштары кандай орунда?

-- Чынын айтканда, кызыгуу абдан көп болгону менен кыйындар азырынча аз, саналуу гана. Эми гана бул тармак өлкөбүздө кулач жайып баратат. Бирок өлкөбүздөн чыккан абдан күчтүү балдар-кыздар бар. Дүйнөнүн алп IT компанияларында жогорку кызматтарды аркалап жаткан жаштарыбыздын саны 100дөн ашык. Биздин билимдүү жаштарга ишеничибиз өтө чоң.

-- Өтө кызыккан жаштарга кандай кеңештериң бар?

-- Дээрлик кызыккан эле эмес, бул тармакка кызыкпай жүргөн жаштарыбызды деле IT багытында бир окуп көрүүсүн сунуш кылабыз. Анткени бул келечектин кесиби. Барган сайын технология өнүгүп жатат, баардык нерсе автоматташууда. Демек, кааласак-каалабасак да IT тармагы менен аралашуудабыз. 

Колубуздагы телефон, үйүбүздөгү телевизор, айдаган машинебиз, кир жууган машинеден тартып, космоско учуп жаткан ракеталарга чейин, кыскасы, кандай техника көрсөк да мына ошонун баардыгы IT менен ийгиликке жетип жатат. Демек, ийгиликке жетүү үчүн бүгүнкү күндө ITнин бир тармагына ээ болушубуз керек.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер