Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вакцина сайдыргандар, төрөбөй тургула!

Вакцина сайдыргандар, төрөбөй тургула!

16-сентябрь, 20:45
416 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын адистери "Спутник V" вакцинасынын каттоодон кийинки изилдөөлөрүнө катышкан аялдарга бир катар сунуштарды бергенин “РИА Новости” жазды.

Ага ылайык, эмдөөдөн кош бойлуулар өтө албайт. Ал эми боюнда болуп калган ыктыярчылар көз жарганга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу.

"Изилдөөгө катышам дегендерге балалуу болбой туруу, ал эми наристеси барларды эмизбөө сунушталат. Ошондой эле вакцина алгандан үч айга чейин урук клеткасынын донору болуп берүүгө тыюу салынат" деп айтылган маалыматта.

Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны чыгарышты. Ал "Спутник V" деп аталат. Москвада изилдөөдөн өткөн вакцина менен эмдөө башталды. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко коронавируска каршы вакцинаны 300 киши алганын билдирген.

Жакында эле препараттын биринчи партиясы жалпы колдонууга чыккан. Ошондой эле клиникалык сыноолордун үчүнчү этабы башталып, ага 30 миңден ашуун ыктыярчы тартылган.

Sputnik- Кыргызстан”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер