Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров менен Ташиев качан Сокеден арылат?..

Жапаров менен Ташиев качан Сокеден арылат?..

08-февраль, 19:00
1 451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Деңгээли төмөн, түшүнүгү тар, чала сабат малдоктур конституциялык кеңешемеге мүчө болуп, “Незнайка Конституция жазганда” деген окуя болду. Дөөрүгөн адатын карматып, “бул кеңешмеде Отунбаева менен Текебаев отурушу керек эле” деп наалып отурду.

60ка чыккан юбилейин өткөрүп, өмүр бою коммунисттер менен күрөшүп жүрүп чачы агарганын айтып мактанганы да бар. Бирок, коммунисттик система урагандан кийин Кыргызстан жок болуу абалына келгенин ал эч качан түшүнбөйт. Аны менен катар отурушкан калган мүчөлөрү баары бир өңчөй кыргыздар болуп, алары да билишпейт. Кыргыздардын түзгөн Конституциясы баягы эле капиталисттер түзүп берген өзүн-өзү жок кылуу системасын камтыгандыктан, жараксыз болуп чыгууда. Ошондуктан коммунисттик системанын мыктылыгын түшүнгөн Россия менен Кытайдын коммунисттерин жалдап болсо да алып келип, алардын Конституциясына шайкеш келген жаңы Конституция түздүрүп алсак болмок. СССР убагында калыптанган кыргыз эли өзүнүн улуттук баалуулуктарын сактай билгендиктен капиталисттердин жок кылуу саясатына туруштук берип, мамлекетибизди, эл-жерибизди сактап калдык. Кудайдын көзү түз болуп, ушунчалык боору ооруган экен, президентке жарыбаган кыргыз элине эл уулу Садыр Жапаровду жөнөттү. 

Идеология маселеси чечилеби?

Бүгүнкү күндө илгерки коммунисттик идеологияны калыбына келтирип, мамлекеттик жана улуттук идеологияны түзүү иштери башталышы керек. “Үйдө баатыр, жоодо жок” болуп калган кыргыздар жомок-санжыра айтып, өткөн кылымдарды көздөй кете беришсе, таш дооруна барып такалары шексиз. Адамзат алдыга, цивилизацияга умтулса, биз, кыргыздар артка, жок болууга баратабыз. Жок болуунун алгачкы этаптары байкала баштады. Сокенин молдо чалыш маданият министри айткандай, кыргыз элинин менталитетине туура келбеген опера жана балет театрын жоюп, жин-шайтандар чогулган филармонияны талкалап таштаса, Алла ыраазы болмок экен. Буларды жайына койсо маданият министрлигин мечитке айлантып, миңдеген мектептерди медреселерге айлантып ташташы мүмкүн. Кыргыз элин диний караңгылыкка айдаган капиталисттер Кыргызстандын эсебинен миллиарддаган пайдаларды көрүүнү пландап коюшканын кыргыздар кайдан билмек эле? Геосаясатты түшүнбөгөн кыргыз президенттери күндө беш маал намаз окуп, марксизм-ленинизмди окубаган үчүн айдалып чыгышууда. Бул жерде улуу жолбашчы В.И.Лениндин “Религия опиум для народа” деп айтканы эске түшөт. 


Жаңы мафия түзүлдүбү?

Динчилдердин кекчил, кежир, карамүртөз жактарын эске алсак, президент Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбековдун күндө беш маал намаз окуган “общий” жактары бар экен. Кежирлигин карматып, “өлсөм да бийликтен кетпейм” деп тырышып отурган Соке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев барганда бийликтен кетип, ал үчүн экс-президенттик макамы, кол тийбестиги сакталып, туугандары куугунтукка алынбашы керек экен. Ошентип С.Жээнбековго көз каранды болуп калышкан президент С.Жапаров менен УКМКнын төрагасы К.Ташиев Соке башын ийкесе коррупция менен күрөшүп, башын чайкап койсо Сокенин туугандарына жана тарапташтарына тийбейт көрүнөт. Ал эми Сокенин адамдарынан болгон Орозбек Опумбаев ойноп-күлүп, ал эми Кашкар Жунушалиеви каткырып коюп жүрсө керек. Коррупция менен мафиянын колдоочусу жана коргоочусу болуп алган Соке мамлекеттик резиденцияда жатып алып президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Ташиевди башкарып алса, анда иштин бүткөнү. Бир команда болуп алган эски жана жаңы бийликке эч кандай идеологиянын кереги жок да, туурабы? 


Зарлык Дыйканбаев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер