Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Бишкек: “Жер энебизди дөө өлкөлөрдүн падышалары ыйлатууда”

Медер Бишкек: “Жер энебизди дөө өлкөлөрдүн падышалары ыйлатууда”

14-сентябрь, 19:20
1 463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Азыркы учурда оорунун түрлөрү, жаратылыш кырсыктары да көбөйүп кетти. Мунун себеби эмнеде?

-- Мындан бир топ жылдар мурда жашоонун сырлары тууралуу мистикалык руханий адамдын китебин окудум эле. Ар 12 жылда күндө чоң жарылуулар болуп турат. Ошондо Жер планетасында чоң согуштар болуп, оорулар күч алат экен. Мүмкүн ошол табигаттын таасирлеридир... Бирок, адам баласынын аң-сезими да чоң роль ойнойт эмеспи. Өзгөчө дүйнөлүк саясаттагы инсандардын, болгондо да лидерлеринин таасирлери абдан күчтүү. Анткени, жашоонун чоң шахмат оюндарын ошолор ойнотот. Мисалы, он чакты өнүккөн, “ажыдаар өлкөлөрдүн” паашалары чогулушуп, “согуш ойнотолу” дешсе, үлкөн согуштар чыгат. “Ооруларды таркаталы” дешсе, оорулар көбөйөт. “Жасалма, ден соолуктарга зыян келтирген дарыларды жайылталы” дешсе да аткарылат. Чоң “ажыдаар өлкөлөргө” көз каранды майда өлкөлөр “хоп, ляппай!” деп айтканын айткандай аткарышат. Анткени алар бай, күчтүү өлкөлөрдөн миллиондогон, миллиарддаган долларларды алышып, тилдери кыска. 

Саясат, дин, илим-билим жана искусстводо руханий жөрөлгөсү болбосо, массалык түрдө талкалоолорго: согуш, эпидемия, наркотик, экологияны бузуу, ооруларды пайда кылуучу заттарды жаратып, чоң акча кылууларга барышы мүмкүн. Саясатчылар өтө билимдүү-илимдүү адамдар. Кичинекей балдар көчөдө мушташа кетишсе “кой мушташпагыла, уят эмеспи” деп ажыратып коёбуз. Владимир Путин, Джо Байден, Реджеп Эрдоган, Борис Джонсон, Ангела Меркель, Си Цзиньпин, Эммануэль Макрон, Ким Чен Ын – булардын баары жогорку билимдүү адамдар. Бирок, руханий сапаттары төмөн. “Жер” деген баарыбыздын энебиз бар. Дал ушул энебизди чоң-чоң саясатчылар көп ыйлатып кайгыртууда: дүйнө жүзү боюнча экологиялар бузулууда. Глобалдык жылуулук адамзат үчүн коркунуч алып келүүдө. Аба ырайынын температурасы ысып, нечендеген өлкөлөрдө суулар каптап, токойлор өрттөнүп жатса да чоң саясатчылар согуштарды “ойноп”, экологияны андан бетер талкалоодо. Америка, Россия, Британия, Түркия жана Кытайга окшогон өлкөлөр кандай гана согуш болбосун бир эле мүнөттө токтотуп коюшка кудуреттери жетет. Бирок, антишпейт. Руханий сапат жүрөктөрүндө болбогон соң эгоцентизмдин – өзүмчүлдүктүн капканынан чыгалышпай, “кимибиз көбүрөөк акча таап, дүйнөгө “погода” кылып калат экенбиз” деп отурушуп, Жер энебизди боздотуп жатышат. Эгер Жер энебизди дагы күчкө салып ыйлата берсек, бай, күчтүү деген өлкөң да, кедейиң да Жер эненин жашынын – “суунун” астында калат. 

-- Алдыда Жер энени коргоп калууга мүмкүнчүлүктөр кандай?

-- Бизде, адамдарда бейиштей болгон планетабызды сактап калууга дагы шанстар көп. Ошону эч ким, өзгөчө АКШ, Россия, Кытай, Германия, Британия, Түркия жетекчилери ойлонбой турушат. Булардын мээсин эго талкалоодо. Эго – руханий устаттар айтмакчы, дүйнөдөгү эң эле жийиркеничтүү сапат. Буга бирден-бир күнөөкөрлөр да дал мына ушул руханий устаттардын өзү. “Акчага кызыкпагыла, бийликке кызыкпагыла, адамды бузат” деп отурушуп, акмактар эго-кулдарына дүйнөнүн башчылыктары менен чоң акчаларды ээлетип жиберишти. Эми миң эмес, миллиард жолу айтсаң да бул акмак-сөрөйлөр бийликти беришпейт, экологияны бузуп, талкалай беришет. Ал эми Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанга же Бангладешке окшогон өлкөлөрдүн паашалары “эй, дөө-шаалар, токтоткула оюнуңарды! Жер энебизди ыйлатпагыла!” деп айта алышпайт. Коркушат, тилдери да кыска. “Эй, сен эмне деп дөөрүп атасың? Андан көрө өлкөңдү оңдоп алчы, карызды тезирээк бер, болбосо жаман болосуң!” деп түртө салышат бечара өлкөлөрдүн жетекчилерин.   

-- Бүгүнкү бийлик, элдин абалы тууралуу кандай ойлоносуз, келечегибизди кандай элестетесиз?

-- Бүгүнкү бийлик тууралуу сүйлөбөй эле койгонум туура болоор... Элдер күн сайын айтып жатышат. Ал эми өйдө жактан “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген добуш элдин баарына эле угулуп жатат. Ошентсе да кыска жооп берейин. Элде динден алынган бир өтө кылдат амалкөй түшүнүк бар “элине жараша падышасы” деген. Мунун туура жагы да бар, бирок 1% гана туура. А калган 99%ы куулук түшүнүк. Эч качан эл өзү оңолбойт. “Эл оңолсун, анан падыша оңолот” деген – утопия. 

Бир эле адамды алалы. Тамеки тарткан адамга “ушул зыяндуу адатыңды азыр ташта да, экинчи чекпе” десеңиз дароо таштай алабы? Жок, анте албайт. Арак ичкен кишини же наркоманды дароо таштата алабызбы? Жок! Кыргызга “түнкү тамакты эле таштагыла, ден соолукка зыян, түнү тамактанбагыла” деңизчи,  таштай албайт. Реалдуу эмес. Тескерисинче, бир адам келип элди оңдоп кетет. Динде Мухаммед пайгамбар бузулуп, адамдык сапатынан айрылып аткан арабдарды сактап калган. Ал бир колуна Куранды, экинчи колуна кылыч кармаганы үчүн тез арада тартипке келген. Ошондо да пайгамбарыбыз өмүр бою согушкан. 

Саясатта, Пак Чон Хи түштүк кореялыктарга улуттук идеялогияны сунуштап, укпагандарды аткылап отуруп тартипке келтирип, мамлекет катары жок болуп кете жаздаган Кореяны сактап, өнүктүрүүгө жол көрсөтүп кеткен. Биздин бийликтегилердин эң эле чоң кемчилиги – интеллекттин жоктугу жана руханий кедейчилиги. Экинчи кемчилик – айланасына жалаң илимдүү-билимдүү адистерди топтоо болчу, тилекке каршы, мындай адистер өтө аз болууда. Үчүнчүдөн, өтө мекенчил адамдарды иштетүү керек эле. Эгерде патриоттугу жок болсо, эч бир кызматка жолотпош керек. Мекенчил инсандар – мамлекеттин өнүгүшү үчүн интеллектуал адамдардан да маанилүү инсандар. Бийлик бутагында 0,1% гана мекенчилдер болбосо (мен көп эле бийлик бутагындагыларды тааныйм), 99,9%ын мекенчил катары эсептебейт элем. 100% мекенчидерден 5% күчтүү команда болсо, алар мамлекетибизди көтөрүп, илим жана техника, искусство, спорт, маданият жана согуштук курал-жарак жагын күчтөндүрүп, 95% элди уюмдаштырып кетишмек. Ыйыктан ыйык, жомоктогудай болгон кыргыз мамлекетибизди өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошмокпуз. Мен ишенем, буюрса мекенчил инсандар, өзгөчө жаштар көбөйүүдө, мамлекетибиз сөзсүз түрдө өнүгөт. 

Элдин абалы тууралуу ооз ачпасам да белгилүү болуп турат. Карапайым адамдар аракет кылып жашоосун өткөрүүдө. Көпчүлүгүнүн балдары Россияга барып иштеп, ата-энелерине акча жөнөтүшүп, үй-жайын оңдошууда. Мамлекетте болсо жумуш орундар жокко эсе. Бирок, бизнесмендер жакшы аракеттенишип, бирин-серин болсо да жумуш таап беришип, кээ бир үй-бүлөлөр орто жашоодо күндөрүн өткөрүшүп жатышат. 

Президентибиздин айланасына мыкты адистер чогулушу керек. Азыркы Кыргызстандын деңгээлиндеги эмес, “ажыдаар өлкөлөрдүн” деңгээлиндеги адистер зарыл. Эми, “көч бара-бара түзөлөт” дегендей, оңолобуз, Москва деле бир күндө курулган эмес да. Оптимизмди карманып тура береличи, карындашым.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер