Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ суракта жүргөн Каныбек Нарбаев байлыгына манчыркап, «саякатчы бакага» айланганда

Кечээ суракта жүргөн Каныбек Нарбаев байлыгына манчыркап, «саякатчы бакага» айланганда

04-август, 21:35
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМК төргасы Камчыбек Ташиев коррупцияга шектүүлөр кызматтан кетип калышса да кууп жүрүп кармап, жазасын бере турганын коомчулукка айткан. Бул жагынан элде үмүт жаралууда. Негизи мамлекеттик кызматтарда жүрүп, өлөрчө байыгандар арбын. Бул саам бирөөсүнө токтололу.

Маселен, Каныбек Нарбаев 2004-2008-жылдары Бишкек шаарынын башкы архитектору, 2008-2013-жылдары КР өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинде директор болгон. Мындайча айтканда, «майталкандын» үстүндө далай жылдар «майкандаганын» кайда жашырабыз? Убагында башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Кубан Мамакеев тарабынан Каныбек Нарбаев суракка алынып, камакка алынарда жерге жатып калып, «концерт» койгону тар чөйрөдө талкууга алынган. Кийин ортого жогору жактан таасирдүү адамдар түшүп, камалбай калганы айтылып жүрөт. Агездеги башкы прокурор Аида Салянова иштин чоо-жайын терең билсе керек. 

Натыйжада, бүгүнкү күндө Каныбек Нарбаев «саякатчы бакага» айланып, дүйнөнү кыдырып, чер жазып, жыргап жүрөт. Маал-маалы менен соцтармакка сүрөттөрүн чыгарып, акыл айтып, пакиза адамдай көрүнгүсү келгеничи? Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген экс-чиновник каяктан байыган? Коммерсант эмес да. Биз жогоруда Нарбаевдин жетекчилик кызматтарда иштеген жылдарын бекер мисал келтирген жокпуз. Дал ошол мезгилдерде Бишкек шаарында архитектура жана курулуш иштеринин башаламан болгону, көмүскөдөн миллиондор «ойногону» жалганбы? Же «кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кетти» деген кыязда моюн бербей жүргөнүбү? Айтор, бул «каармандын» өткөн чагы шек жаратып, бүдөмүк тартканын байкадыңарбы? Ооба, суроолор арбын, бирок жооптору берилбейт. Кыргызстан ошон үчүн оңолбой жатат да... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер