Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки президенттин Ысык-Көлдө жолугушуусу

Эки президенттин Ысык-Көлдө жолугушуусу

06-август, 12:00
744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Монголия Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын президенти Сато менен КР спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбеков Чолпон-Ата шаарында күтүүсүздөн жолугушту. Монгол кесиптешибиз кадимки “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде дарыланып, үй-бүлөсү менен эс алууга келиптир. Сато менен алгач Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында пандемия баштала электе конгрессте жолугуп, таанышканбыз. Экөөбүз бир куракта болгонго байланыштуу бат эле тил табышып алдык. Монгол кесиптешибиз орусча жакшы сүйлөйт. Анткени, СССР тушунда Москвада окуган. Ошондо эле кыргыз бир туугандарды жакшы көрөрүн айткан эле. Кечээ Улугбек менен тар чөйрөдө кезигип, бир топко чейин бир туугандарча сүйлөшкөнүн айтты. “Улугбек менен жолугушуубуз күтүүсүздөн болду. Мени абдан жылуу кабыл алды. Негизи кыргыз менен монгол эли бир атанын балдарынан тараса керек. Улугбекке терең ыраазычылык. Кыргызстанда дүйнөдө жок жакшы санаторий бар экен. Чынында эле ден соолугум жакшы болуп калды” деди.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер