Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров: “Кыргызстандын баардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү!”

Төрөбай Зулпукаров: “Кыргызстандын баардык жерин кичи мекенибиздей сүйөлү!”

14-сентябрь, 10:54
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров 13-сентябрда Сокулуктун эли менен болгон жолугушуу учурунда айтты. 

«4-октябрь - тагдырдын тарыхында өзгөрүү болчу күн» - деп баштады сөзүн Т.Зулпукаров. «Биримдик» - жаңы партия! «Биримдик» партиясы 2019-жылдын 10-сентябрында түзүлдү. Биздин катарыбызда жалпы Кыргызстандын эли бар. Биз саясый көз карашына, улутуна, туткан динине караган жокпуз. «Биз силерге кошулалы» деген принцип менен чогулдук», - деди. 

Андан ары Т.Зулпукаров партиянын катарында өкмөттү курууга жөндөмдүү адамдар бардыгын, партиянын программасы жөнөкөй элге түшүнүктүү, жеткиликтүү жазылып, так, анык, өлкөбүздүн келечегин көрсөтүп турган программа экенин айтты. «Атаандаштар тарабынан ар кандай сындар айтыла берет. Бүгүн «Биримдик» деген фракция Жогорку Кеңеште жок. Бирок негедир айрым партиялар бийликтин партиясы, келечектеги бийликти түзүүчү партия катары сыпатташып, өздөрүнүн утула тургандыктарын моюндап жатышат. Башкача айтканда, кайсы партия күчтүү болсо, ага сын айтылып, талкуу көп болот экен», - деди партия төрагасынын орун басары. 

«Азыр 30 жылдан бери бийлик эмне кылды (?) деп, 30 жыл мурдагы иштерди «Биримдик» партиясына байлаганы жатышат. Отуз жыл мурда биздин тизмени баштап бараткан Акылбек Жамангулов 2 жаштагы бала болчу. Отуз жыл мурда Улукбек Кочкоров менен Төрөбай Зулпукаров мектеп окуучулары болушса, Аида Касымалиева 6 жаштагы секелек кыз эле», - деди. 

Буларды айткан Төрөбай Зулпукаров Акылбек Жамангуловдун «Мегаком» компаниясын салык, киреше түшүрүү жагынан №1 ишканага айландырып, мамлекет начар менеджер дегенди жокко чыгарганын айтса, Улукбек Кочкоровдун социалдык өнүктүрүү министри катары мыкты иштеп, буга чейин бир да министр кыла албаган иштерди кылганына токтолду. Анын белгилөөсүндө, Улукбек Кочкоров министрликтеги 1 млрд. сомго жакын туура эмес иштелип, уурдалып жаткан акчаны туура багытка буруп, пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө жетише алды. Бул акчанын эсебинен бүгүнкү күндө аз камсыз болгон, майыптыгы бар үй-бүлөлөр, 100 миңдеген балдар социалдык жөлөк пулдарды алышууда. 

Сөзүнүн соңунда Төрөбай Зулпукаров Сокулуктун шайлоочуларына кайрылып, «Биримдик» партиясын колдоого чакырып өттү. «Биздин мекенибиз бирөө эле. Ошон үчүн мекенибизди тегиз сүйө билели. Өзүбүздүн кичи мекенибизди кандай сүйсөк, Кыргызстандын баардык жерин ошондой сүйөлү. Ошондо гана бизде биримдик болот, биримдик болсо өнүгүү болот. Кудай буйруса, 4-октябрда «Биримдик» партиясына добуш бериңиздер! «Биримдик» партиясы бюллетенде №1 болуп турат. Силер ишеним артып, колдоого алсаңыздар, биз эл, жер үчүн кызмат кылууга даярбыз!», - деп сөзүн жыйынтыктады. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер