Акыркы кабарлар
» Саясат » Гүлнара Клара Самат элчиликти кор кылбай кетпейби?
Гүлнара Клара Самат элчиликти кор кылбай кетпейби?
24-декабрь, 09:30

Москвадагы элчи Гүлнара Клара Саматка каршы арыздар байма-бай жазылып, соцтармактарда нааразычылыктар жаралып келатканы жашыруун эмес. Бул айым мекендештерибиз менен иштешкенди, мигранттардын арыз-муңдарын укканды билбейт экен. Өз функциясын, милдеттерин так аткарбай атканы эмнеден кабар берет? Кыргыз-орус алакасына да салым кошо албай, дипломаттык чеберчилиги, билими, тажрыйбасы жетишсиз экенин көрсөтүүдө. Таңгаласың. Президенттик аппарат, ТИМ мындай элчинин ишмердигине дыкат көзөмөл салып, көңүлү жок болсо айдабайбы? Учурда татыктуу дипломаттар арбын эмеспи, эмне үчүн Москвадагы маанилүү кызматты кор кылып отурабыз?
"Азия Ньюс" гезити