Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бүгүнкү өкмөт ийнеликтин образын жаратууда”

“Бүгүнкү өкмөт ийнеликтин образын жаратууда”

08-октябрь, 10:21
682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөттүн кышка карата даярдыгынан кабарыңыз барбы? Жарык өчүп, отун-суу көйгөйү жаралбайбы?

Карамат Орозова, экс-депутат:

-- Кышка өкмөт кандай  даярдык көргөнү боюнча кабарым деле жок, бирок даярдык көрүп жатышкандыр. Кыш деген кыш, сөзсүз көйгөй болот да. Шаарда борбордук жылуулукка караган үйлөрдө маселе азыраак, өзүнчө жылытылган үйлөрдө жарык өчсө, көйгөй жаралат. Айрыкча Баткендик туугандарда кыш абдан оор өтөт, электр жарыгынан башка газ жок, көмүрдүн баасы 13 миңден 15 миңге чейин көтөрүлөт. Мындай учурда колунда жокторго оор болот. Азыртадан көмүрдү камдап алуусу керек. Баткенде жылына жергиликтүү бийлик арзан баада көмүр менен мүмкүнчүлүк болушунча камсыз кылышат... Быйыл да уюштурса керек. Эң негизи аман туралы!

Тазабек Икрамов, экс-депутат:

-- Мен билгенден ОЗП (күз, кыш мезгилдерине) даярдык боюнча азыр коомчулукка так маалымат бериле элек. Июль айында энергетика министри бүт региондорду кыдырып, жалпы отчет алганы боюнча маалыматым бар. Республиканын баардык аймактарындагы социалдык объектилер көмүр менен толук камсыз боло элек. Ошол эле мектептер, бала бакчалардын жылуулугу боюнча маселе бар. Андан тышкары, эң көйгөйлүү, азыр элди кыйнап турган бул – көмүр маселеси. Учурда сапаттуу, тандалган көмүрдүн баасы Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарында тоннасы 6 миң сомдон жогору. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында башка баа. Бул жаатта антимонополия кызматы, өкмөт дагы эле жеткиликтүү иш алып бара элек. Бишкек ТЭЦине кайдан көмүр келип жатат, алардын радиациясы, калориясы боюнча маалыматты берише элек. Бул боюнча ачык айтайын, быйылкы кышта да ыш (смог) маселеси биринчи орунга чыгат. Өкмөт инерцияда ОЗПга даярбыз дегени менен ыш маселесин чечүүдө эч бир кадам кылган жок. Ошто, Бишкекте ыш маселеси күн тартибине чыгат. Жарык боюнча алсак, свет өчөт, бирок туруктуулук сакталат. Мен кечээ эле Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн көрдүм. Ачык айтыш керек, ал жакта маселе бар. Бүгүнкү өкмөт ийнеликтин образында. Жай бою пиар менен алектенет, кыш келгенде кантип иштээрин билбей калат. Ачык айтканда проблемалар алдыда күтүүдө...

Жыпара Молдалиева, мугалим:

-- Кышка даярдык көрүлсө, эмитен электр жарыгын өчүрүшпөйт эле го. Мен негизи нааразымын, 80 метр квадраттан ашса, 6000 сом төлөнөт экен. Биздики 87 метр квадрат. Ошондо 7 квадрат метр үчүн 6000 сом төлөшүм керек. Ушул кантип болсун? Өкмөт элдин чөнтөгүнө эле кол салып калды. 80-90 чейин 3000, 90-100гө чейин 6000 сом кылса туура болмок. Барган сайын жашоо кыйындап баратат. Элди ойлогон эч ким жок.

Бакытбек Усенбаев, активист:

-- Чынында күз келип, кыш алдыда. Даярдык кандай экени азырынча белгисиз. Өкмөт эл менен тыгыз иштеп, бир аз болсо да, көмүрдүн баасын түшүрүп бериши керек. Айрыкча айыл жерлеринде, тоолуу райондорго жеңилдик каралса. Парламент быйылкы кышка светтин лимитин көбөйтүп, улам-улам өчүртпөй элдин көйгөйүн чечип берсе жакшы болмок. Анткени, карапайым элдин телегейи тегиз эмес. Зарылчылыктары көп. Светке, көмүргө көз каранды. Ошон үчүн эл өкүлдөрү жок дегенде ушул маселенин чечилишине салым кошушса, кыштан жеңил чыгат эле.

Чолпон Осмонова, ишкер:

-- Мурун күз келер замат өкмөттүн кышка даярдыгы бар же жогун көмүр жаккан эл жазып чыкчу, көмүрдүн баасы арзан же кымбатын айгинелеп. Быйыл андай нааразычылыкты окуй элекмин. Бирок, жайында өкмөттүн “көмүр кымбаттабайт” дегенин окугам. Ал эми жарык боюнча ЖМКларга жазышып, кезек менен өчүрүп жатышканын билем, бирок былтыркыдай обу жок өчүрүүлөр каттала элек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер