Аскар Сагынбаев: “Дарыны мүмкүн болушунча агроаптекалардан алыш керек”

Айыл чарба министрлигине караштуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси менен маек.
-- Аскар мырза, азыр алма, алмурут жана башка жемиштер мөмө байлап, алды бышайын деп калды. Аларды дарылаганга кеч эмеспи?
-- Өзү бак-дарактарды гүлдөгөнгө чейин дарылаган жакшы. Гүлдөп турган маалда болбойт. Ал эми кечки алмалар болсо, үзгөнгө бир ай калганга чейин дарылаганга уруксат берилет. Бул мезгилде пестицид өзүнүн күчүн жоготот. Зыянкечтердин өсүп-өнүгүү цикли аба ырайына байланыштуу болот. Алар аба ырайына жараша кээде бир айда, кээде кырк күндө улам тукумдап турат. Улам пайда болгон жаңы тукум алманын ичине кире берет. Кээ бир алмаларда курт аябай көбөйүп кеткени ошондон улам. Ошондуктан кайра-кайра дарылап, кийинки муундун мөмөгө кирүүсүнө жол бербөө керек.
-- Дарыларды кантип тандаш керек?
-- Дарылар мурда негизинен базарда сатылса, азыр агроаптекалар пайда болду. Фирмалар бизден каттоодон өтүшүп, агроаптекаларды ачышууда. Алар дарынын сапатына гана жооп бербестен, кантип пайдалануу боюнча да кеңештерин беришет. Ошондуктан, дарыны мүмкүн болушунча агроаптекалардан алыш керек. Андай аптекалар азыр бүт райондордо бар. Азыр биз дагы бир маселе көтөрүп жатабыз, ал акырындап ишке ашат деген үмүттөбүз. Адам ооруса врачка кайрылат, врач болсо рецепт жазып берет. Оорулуу ошол рецепт менен барып, аптекадан дары сатып алат. Ошондой эле системаны биз агроветсистемага да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Дыйкан же багбан агрономго кайрылат, агроном болсо барып, көрүп, рецепт жазып берүүгө тийиш. Министрлер кабинети жеке агрономдордун жобосун бекитип берди. Эми прейскурантын да бекитүү зарылчылыгы туулуп жатат. Эл ветеринарлар менен кызматташууну үйрөндү, ал эми агрономдор менен болсо дале эскиче, стихиялуу түрдө иштешип жатышат.
-- Өсүмдүктөрү химиясыз эле коргосо болобу?
-- Бир учурлар болгон, адамзат химияны өздөштүргөндөн кийин бүт маселелер чечилип калгандай сезилген. Мисалы, бир эле дусттун жардамы менен зыянкечтердин көпчүлүгүн жоготууга жетишкенбиз. Атүгүл аны битке каршы дагы колдонушкан. Анан өткөн кылымдын 50-60-жылдары бүт дүйнөдө түшүнүксүз оорулар пайда боло баштады. Окумуштуулар изилдешсе, ал химиялык уу заттарды колдонуунун натыйжасы болуп чыкты. Элестетип көрсөңүз, Түндүк муз океанында жашаган пингвиндерден, энелердин сүтүнөн химикат чыккан. Ошондон кийин “эртеңки келечегибиз кандай болот?” деген маселе көтөрүлүп, өсүмдүктөрдү интеграциялык коргоо милдети келип чыкты. Өсүмдүктөрдү коргоодо химиядан башка да төрт-беш ыкма бар. Мисалы, биологиялык, физикалык, агротехникалык, карантиндик ыкмалар. Ушул ыкмаларды кеңири колдонуп, химияны эң акыркы, аргасыз чара катары гана колдонолу деген чечимге келишкен. Алсыз, чабал адам көп ооруган сыяктуу илдет да эң алгач өсүмдүктөрдүн эң чабалына жармашат. Ошондуктан, өсүмдүктү башынан күчтүү кылганга аракет жасоо керек. Мындай кыймыл-аракет азыр бизде да башталды. Дыйкандар үчүн атайын окуулар жүрүп жатат, ошонун ичинде бир темабыз өсүмдүктөрдү интеграциялык коргоо тууралуу.