Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев, профессор: “Билим берүү системасы терең коррупциялашкан тармакка айланды”

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Билим берүү системасы терең коррупциялашкан тармакка айланды”

11-август, 22:40
1 088 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Оштогу ЖОЖдордон 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылыптыр. Мындай көрүнүшкө кимдер күнөөлүү?

-- Биз эгемендүүлүктү оңой эле алгандан бери көптөгөн трагедиялуу катачылыктарга жол берип келебиз. Айрыкча убагында дүркүрөп өнүгүп жаткан өндүрүшүбүздү түп-тамырынан бери талкалап салдык. Буга Батыштын зыянкеч ПЕСАК прогаммасы себеп болду. Мурдагы СССРдин бизден башка бир дагы республикасы мындай алааматка жол беришкен жок. Алар өндүрүш менен билим берүү жана илим системаларын көздүн карегиндей сактап кала алышты. Андан соң ал тармактарды өздөрүнүн улуттук колориттери менен менталитеттерине ырастап, эң сонун өнүктүрүү жолуна түшүп кетишти. Сиздин сурооңуздун жообу дал ушул жерде камтылган. Анткени, биз, кыргыздар ошол кездеги президенттердин баардыгынын жеңил ойлуу саясаттарынын азабынан билим берүү тармагын Батыштын "куурчак оюнуна" салып берип отуруп калдык! Улуттун келечегин ойлогон бир дагы президент болбоду. Алар адамзаттын эң маанилүү тармагы болгон – сапаттуу билим берүү жана илимди рационалдуу уюштуруу иштерин чет элдик бузуку шайтандарга кармата салышты. Ошол тармакты жетектеген адамдар президенттердин жакын туугандары, куда-сөөктөрү, жердештери же көңүлдөш адамдары болуп келишти. Акыйкаттык үчүн айтып коюшум керек, анча-мынча, бирин-серин акыйкатты, кесипкөй сапаттарды туу тутушкан министрлер да болушту, бирок мафиялык клан андай адамдарды эркин иштете коюшпады. Болбогон шылтоо менен жумуштан кетиришти, кээ бирөөлөрүнө жок жерден кылмыш иштерин уюштурушту. Натыйжада, мектептер, колледждер менен ЖОЖдордо "эшек жайлоо" доорлору башталды. Айрыкча мамлекеттик билим берүү мекемелеринде паракорчулук, коррупция гүлдөп өстү. Ага мисал: Бишкек менен Ош шаарларындагы миңдеген студенттердин окуудан айдалышы. Алар кимдер жана кайсы ЖОЖдордун студенттери? Ачык эле көрүнүп турбайбыбаардыгы мамлекеттик ЖОЖдордун эле студенттери! Мына сага саясат! Байкуш студенттердин тагдырларына балта чабылды! Акчаларын коротушту, убактыларын кетиришти, келечегине ишенбей калышты. Андай балдардын көбү коомго жат жана зыяндуу жолдорго түшүп алышты. 

-Мындай алааматтын себеби эмнеде? 

-Албетте, мен жогоруда баса белгилеген мамлекеттик акмак саясатта болуп жатпайбы! Азыркыга чейин ЖОЖдордун эң "ардактуу жана баалуу" кызматкерлери кимдер? Албетте, студенттерди ар кандай жолдор менен окууга тартып алышкан шылуун шүдүңгүттөр. Анан калса ушундай ыкмага макул болгон конъюнктурщик ректорлор, аларды ар тараптан коргоп келген жоопкерсиз, билим берүүнүн келечегине "чыйт түкүргөн" министрлер! Натыйжада, ар бир ЖОЖдо жогоркудай шылуун сапатка ээ болушкан окутуучулар менен аларды колдогон жетекчилердин жабык, мафиялык-коррупциялык "клубдары" пайда болду! Алар жогорку бийлик тарабынан да колдоо таап келишти. Себептери келесоого деле белгилүү. Демек, окуудан чыгып калган студенттер, биринчиден, ошондой оңой жолго түшүп алышкан өздөрү күнөөлүү болушса, экинчиден, жалаң гана коррупциялык схемалар менен "өлүү жандар" армиясын түзүп, акча жасоо жолун гана көздөшкөн ЖОЖдордун жетекчилеринин кылмыштары опол тоодой! Мен муну акыркы 15 жылда тынбай какшап айтып келдим.

Соңку жыл ичи президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиевдин биргелешкен чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында кээ бир ЖОЖдорго прогрессивдүү маанайдагы башчылар келе башташты. Алар дароо эле чечкиндүү кадамдар менен коррупциялык иштерге каршы чабуул жасап киришти. Мен бул жагдайды өзүм эмгектенип жаткан КУУнун мисалында даана байкап жатам. Бир гана үмүт – эми ушундай саамалыктар түбөлүк болсо экен!

-- УКМК ЖОЖдорду текшерип, окууга келбеген студенттерди окуудан күчтөп чыгарганы кадр саясатына карата камкордукпу?

-- Ошондуктан, ЖОЖдордогу мафиялык кландардын кылмыш иштеринин "кутуруу деңгээлине чыгып кеткен" абалдары өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаровду тынчсыздандырбай койгон жок. Ал укук коргоо органдырына катуу тапшырма берди. Натыйжада, акыркы жылы УКМК баш болгон күч органдары жогорку билим берүү тармагындагы коррупциялык иштерге катуу чабуул коюп жатышат. Мен бул чечкиндүү кадамды аталган системаны ичинен билген киши катары зор канааттануу менен кабыл алып отурам. Билим берүү системасы өлкөбүздө эң терең коррупцияланышкан тармак болуп калган. Анын эки коркунучтуу жагы бар. Биринчиси, мамлекетибиздин келечегинин бирден-бир ресурсу болгон жаштарыбызды жоготуп алганы турабыз. Алардын коомубуздун татыктуу мүчөсү катары калуу үмүттөрүнө муздак суу чачылды. Экинчиден, ЖОЖдордогу мафиялык кландар өздөрү жогорку билимдүү, "элдин каймактары же элиталары" болуп жатышпайбы! Кээ бир жаштар дал ошолорду кумир тутушуп, аларды туурашып, жашабай жатып эле паракорчулукту ийгиликтүү өздөштүрүп жүрүшөт. Кызматтан кызматка көтөрүлүп жатышкандар да ошолор! "Айланкөчөк" системасы иштеп жатат. Андай адамдар жасалма жол менен да илимдин кандидаттары жана докторлору болушуп, дароо эле мафиялык кландын ишенимдүү кадрлары катары жетекчилик орундарды баса жыгылып жатышат. Натыйжасын УКМК катуу текшерүү жолу менен айкындай баштады. Эми Жараткан ошол күч структурларына нысап жана акыйкаттык берсе экен! Үмүтүбүз ушундай. Кылмышкерлерди аёосуз жазалай турган кез келди!  Анткени, бул сапар да жаза тайган текшерүүлөр орун алса, анда билим берүүнүн келечеги жөнүндө сөз кылбай эле коёлу!  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер