Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Токтошев: “Армияда башаламандык өкүм сүрүүдө”

Эмил Токтошев: “Армияда башаламандык өкүм сүрүүдө”

11-июнь, 12:00
391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Токтакунович, ӨКМдин аскер бөлүгүндө сабалган жоокер боюнча маселе көтөрүп, ал ишти башкы прокуратура көзөмөлдөөгө тийиш дедиңиз. Бул аскер прокуратурасынын түздөн-түз милдети эмеспи? 

-- Мен бул маселени өткөндө бир аскер бөлүгүндөгү сынак учурунда жаш жоокер аёосуз сабалганынан улам көтөрдүм эле. Азыр да ата-энелер кайрылышты. Себеби, прапорщик тарабынын сабалган бала оор абалда, табарсыгы жарылып кеткен. Мындай көрүнүштөр толтура. Көбү коркуп айтышпайт. Аны жалгыз аскер прокуратурасы көзөмөлдөй албайт. Ошон үчүн мен “башкы прокуратура көзөмөлгө алсын” деп сунуштадым. Анан эл шайлаган соң биз парламент да сөзсүз көзөмөлгө алышыбыз керек. Ата-энелер балдарын армияга “мекенге кызмат кылсын” деп жөнөтүшөт. Балдар болсо майып болуп келип жатышат. Бул эмне деген жапайычылык?! Ушундан кийин кайсы ата-эне баласын аскерге жөнөтөт?

-- Бул жерде дедовщинадан, уставдык эмес мамиледен башка коррупциянын элементтери да бар окшойт...

-- Сабалган баланын ата-энеси сегиз айда 35 миң сомдук бирдик салып беришиптир. Бул жерде баары чогуу: дедовщина дагы, коррупция дагы. Кыскасы, армиялык тарбия жок. Башаламандык өкүм сүрүүдө. Муну көзөмөлгө албасак болбойт. Бир эле жолу эмес, такай көзөмөлдөп, күнөөлүүлөр катуу жазаланууга тийиш. Биз керек болсо комиссия түзүп, мунун аягына чыгабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер