“Азия Ньюс” гезитинин анализи так чыгып, Садыр Жапаров Москвага барганы калды

Өткөн жума башында жумурткадан кыр издегендер соцтармактардан чуру-чуу түшкөнү, “Владимир Путин Москвага Садыр Жапаровду чакырбай, Эмомали Рахмонду тоскону жатат. 9-май Жеңиш майрамында парадда бирге болушат экен” деген сыяктуу кинелер тагылып аткан. Биз болсо ырааттуу кептен салып, андай чакыруу ар бир мамлекет башчыларына кезеги менен жыл сайын келерин, былтыр Сооронбай Жээнбеков барып, жардамчысынан ковид чыкканына байланыштуу улагадан артка кайтканын эскерткенбиз.
Ошого катар Жапаровду май айынын аягында Путин чакырарын жазганбыз. Эмесе үзүндү келтирели: “Эмомали Рахмон учурда КМШ президенттеринин арасынан эң улуусу жана аксакалы. Аны менен кечээ гана шайланган Садыр Жапаровду салыштырууга болбойт. Бирок, бул факт эч кандай Россиянын Тажикстанга тартканы, же “Путин мырза Жапаровду жаман көрөт” дегенди билдирбейт. Угушубузча, Россиядан ага май айынын экинчи жарымына чакыруу келди. Эмне болсо дагы өз тагдырыбыз жеке керт башыбызда экенин унутпайлы. Биздин мамлекеттин келечегин жана чек араларды расмий бийлигибизден башка эч ким чече албайт!” деп белгилегенбиз.
Өткөн жумада “Азия Ньюс” гезитинин божомол кылганы, анализи так чыгып, 10-майда Путин менен Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү. Айдын аягында президенттин Москвага расмий иш сапары уюштурулары маалымдалды. Албетте, бул алгылыктуу кабар. Эмне демекчибиз? Инернет айдыңында, дээрлик соцтармакта билип-билбей ызы-чуу түшө бербестен, туура акыл калчап, ынанымдуу сереп салууга үйрөнбөйлүбү? Ансыз да сырткы душманыбыз коркунуч жаратып, саясый кырдаалыбыз олку-солку абалда чайпалып атса, чагымчылык кыла берүү акылга сыбайт го? Ток этери, арканды алыс ыргыта жүрсөк...
"Азия Ньюс" гезити