Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүктүү атама Куала-Лумпур шаарынан ысык салам!

Сүйүктүү атама Куала-Лумпур шаарынан ысык салам!

04-январь, 19:30
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 Биздин редакцияга 20-февралга чейин камакта калтырылган Мамбетжунус Абылов агабыздын Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында билим алып аткан көкүрөк күчүк кызы Берметтин (үйдөгүлөр Бема дешет) каты тийди. “Атанын атын уулу чыгарат же уулга тете кызы чыгарат” деген лакап кеп бар. Сүйүктүү кыз алыста жүрсө да кабатыр болуп, “жаңы жылда атабыз үй-бүлөбүз менен бирге болуп, жакшы маанайда тосуп алса болмок” деген оюн билдирген экен. 

“Кантип атасыз атакоу? Жаңылыктарды кылдаттык менен байкап турам. Азыр өлкөбүздө болуп жаткан окуялардан кабардармын жана абдан кейийм. Сизди жана башкаларды сот келерки жылдын 20-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарганын кечээ жакында окуп, ичим аябай ачышты. Бул биздин сот системасынын адилетсиздигин ачык көрсөтүп турат. Катты сизге жазып жатканымдын себеби, учурдагы бийликтин кылык-жоруктарын талкуулоо үчүн эмес, мени бирден-бир сарсанаа кылган сиздин ден соолугуңузду суроо үчүн жазып жатам. Ата, ден соолугуңуз коркунучта экенин, шашылыш түрдө медициналык жардамга дайыма муктаждык бар экенин окудум. Бул мени абдан тынчсыздандырууда. Сиздин ден соолугуңузга терс таасирин тийгизген абалды, стрессти түшүнөм жана жүрөгүм менен туюп атам. 

Алтыным ата, мен сизден өзүңүзгө кам көрүп, ачууга алдырбооңузду жана терс эмоцияларга барбооңузду суранам! Анткени бул сиздин кан басымыңыздын жогорулашына, саламаттыгыңызга кыйынчылык туудуруп коюшу мүмкүн. 

Туура иш кылып, өлкөбүздү, элибизди коргоп жатканыңыз үчүн баарыбыз сиз менен сыймыктанабыз. Андыктан, мен сиздин акылмандыгыңызга ишенип, позитивдүү маанайда болушуңузду суранам, чөкпөңүз. Туннелдин аягындагы жарыкты көрүү кыйындай сезилет... Адилеттиктин орношуна терең ишенем. Сизге биздин сүйүүбүз, колдообуз, терең урматтообуз жана суктануубуз чексиз. Биз жасай ала турган бир нерсе болсо, кабарлаңыз. Сиз ар дайым бизге таяна аласыз, анткени эң мыкты жана духуңуз күчтүү адамсыз. Жаңы жылда үй-бүлөбүз менен бирге болуп, жакшы маанайда тосуп алсаңыз сонун болмок. Кайра бириге турган күндү чыдамсыздык менен күтөм. Ал күндөр алыс эмес. Дагы бир жолу суранам, ден соолугуңузга жана нервиңизге кам көрүңүз! Ата, мен сизди жакшы көрөм!”


Бекем кучактап, эрке кызыңыз Бема 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер