Тактектик кыздын атасы же Абдиламит Матисаковдун жаңы китебине учкай кеп


Биздин турмуш тиричилигибизге телефон, телевизор, радио кенен жайыла баштаган өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынан баштап, китеп окуу маданияты да акырындап өзгөрө баштаганы билинээр эле. Анткени, алтымышынчы жылдарга чейин эле эл чогулуп китепти окутуп угушаар эле. Кийин радио менен телевизор ар бир үйдө болгондон баштап, бул көрүнүш болбой калды. Ар кимиси өз үйүндө каалаган каналдарын көрүп калышты. Мына ушундай кырдаалда Эркин Борбиев, Мурза Гапаровдордун кыска-кыска, бирок мазмуну өтө терең аңгеме, повесттери окумал болуп калды. Себеби Ф.Достоевский, Л.Толстой, Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбековдун чоң-чоң романдарын окуу бир топ кыйындап, даярдыгы бар, атайын максат кылып койгон адам эле окубаса, көпчүлүгү даабай калды. Ал эми бүгүн дүйнөлүк маалымат алаканда турганда баардык нерсе телеграфтын тили менен болуп калган учкул заманда, бул процесс ого бетер курчуду. Китеп окугандар дагы аздады.
Бирок коомдо кандай бороон-чапкын болбосун, кандай заман, кайсы президенттин тушу, кимдин бийлиги болбосун, өзүнүн гана окуучулары бар жазуучулар бар. Анын көч башында Абдиламит баратат деп ойлойм. Анткени, анын жазгандары кыска жана нуска. Окуганга жеңил, аш болумдуу. Ошол эле кезде көпкө чейин адамдын ички сезимдерин козгоп, терең ойго салып, сени менен көпкө жанаша жашап калат.
Абдиламиттин мындан мурдараак чыккан “Атамды көргөн өлбөсүн...” же жакында жарык көргөн “Баткан күндү аяймын” деген китептерин иштеп отуруп, чарчаганда китеп текчеден алып, андагы “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”, “Тандыр”, “Чайхана”, “Тапанча”, “Палван” ж.б. ыйманы ысык, сөздөрү кайталангыс ширин аңгемелерин кайра-кайра окуганды, барактаганды адат кылып алгам. Андагы ар бир кыймыл, ар бир сөз мага тааныш, Далдалчи Өсөр чалдын “бар береке, бар береке!” деп сатармандын (малдын ээсинин) колун силкип жатканы кулакка жаңырып турат.
Ушу жерден кичине чегинүү жасап, Абдиламиттин биздин эле арабызда, биздин эле катарыбызда жүргөн адамдар жөнүндө жазгандары кадимки эле бир бүтүн, төгөрөгү төп келген чыгармадай, окулган материалдарын барактап таңкалбай койбойсуң. Булар деле көркөм чыгармадай окулат. Болбосо биз билген эле, биз күн сайын жолугушуп жүргөн эле инсандар эмеспи. Албетте, мындай табылгалардын ири астында “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген материалы кыргыз коомчулугунда чоң резонанс жаратты. Бул жөнүндө өтө көп жазылды жана айтылды. Мен кайталап отурбайын. Бир гана кичинекей штрихке көңүлүңүздөрдү бурайын.
Абдиламит материалды жазып бүтүп, “Сүкөгө бир көрсөтүп, окутуп алайын” деп барат да, аны өзү окуп берет.
-- Окутпай эле чыгара берсең болмок экен... - башка ак да көк да дебеди. Тизесине келип көнгөн чымынды бир шилтеп, уучуна кысты да, туруп барып форточкадан ары коё берди...
Мына ушул көрүнүштөн Сүймөнкул Чокморовдун адамдык паам-парасатын, жадагалса чымынга да зыянын тийгизбеген инсан экенин көрүп, бул көрүнүштү узак-узак, ар түрдүү мааниде интерпретацияласа болот.
Кыскасы, ушундай эле табылгалар менен Эсенбай Калдаров жөнүндө жазган “Эсекемдей адам дагы келээр бекен?”, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жуманов жөнүндө “Маңдайы жарык Муфтий”, же экономика илимдеринин доктору, профессор Жусуп Тургунбаевдин элесине арнаган “Фараон” деген публицистикалары көркөм чыгармалардай эле окулат.
Эми сөздү Абдиламиттин “Тактектик кыз” деген кичинекей гана 14-15 беттен турган аңгемесине бурсам. Бекеринен бул материалды “Тактектик кыздын атасы” деп атабадым да. Болбосо Абдиламиттин жаңы “Баткан күндү аяймын” деген китебин ачып туруп, кайсы чыгармасы болбосун аны ар тараптан өзүнчө чечмелей берсе болот. Ар бир чыгармасы: мейли ал очеркпи же аңгеме, повестпи же күнүмдүн эле турмушту чагылткан макалабы, Абдиламит бирдей чыгармачылык менен мамиле кылат. Бул китептин бетачарында Жамгырбек Бөкөшов жазгандай, Абдиламит эмнени жазбасын, кайсы жанрга кайрылбасын, түбүндө бир чыгармачыл акыл-эс турат, демек, теги-бир, деми-бир туура белгилеген. Ошондуктан, мен “Тактектик кызга” гана азыраак токтолоюн.
Бу “Тактектик кызда” эле эмес Абдиламиттин көп эле чыгарма, аңгемелеринде чалдардын дейбизби, же карыя-аксакалдардын дейбизби, образдарын зер-зеберине жеткире ачып берет. Демек, чалдардын образын ачууда Абдиламиттин өзүнө гана тийешелүү почерки бар. Ушул “Тактектик кызды” окуганда негедир биздин эс-акылыбызда мөөрдөй болуп сакталып калган Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” эске түшө берет. “Атанын тагдырында” атасы фронтко кеткен уулун күтөт, болгону ушул. Ал эми Абдиламиттин “Тактектик кызында” атасы Фрунзедеги баласын күтөт. Ар бир жума күнү белгилүү саатта ал шаардагы баласы менен телефондон сүйлөшөт. “Балам, Прунзаны алып берчи?”. Нарбай чалдын байланышта отурган кызга айткан саламы да ошол. Ушул жарык кабак кыз ага алыстагы бир боорун кайсы бир жактандыр таап, сагыныч күсөгөн дилдерин кошчудай туюла берет.
Нарбай чал жума намазга келген сайын бул жерге башбагып уулу менен ошол күнү сүйлөшмөй адат кылып алган. Анан оңой эмес да, райондон элүү чакырымдай жерден жумасына келиш. Анан тактектик кыздын нөөмөтүн да билип алган. Ал кыз да көнүп, жума күнү эшик жакты кылчактап карай берет. Чал кирер менен күтүү залында отургандар туруп, орун бошотушат. “Дагы сүйлөшкөнү келдим. Жалгыз баланын сагынычын билген билет... үнүн эшитсең эле канча кубат, каниет”...
Ар жума келчү Нарбай чалга телефондо отурган кыз кандайдыр бир жакындыгы бардай сезиле берет. Баласы ушундай илбереңки кыз алса экен (!) деп ойлоп да коёт. Ал эмес бир жолу Нарбай чал байланыш бөлүмүнөн чыгарда чалынып, тактектик кыз үйүнө чейин узатып келет. Баласы айылга келгенде “балам, ошо кызга жолук, гезитиңе жаз” деп да кеңеш берет. “Ушундай жакшы кыз, “мен баягы бүкүр чалдын баласымын” де” деп чал өзүнчө пландарды түзүп жүрөт. Ошентип жүрүп тактектик кызда да кандайдыр бир билинбеген сезимдер пайда болот. Бирок чалдын, тактектик кыздын да купуя пландары болбойт. Чалдын баласы тактектик кызга “атама айтып койгула, мен келин алып баратам” деп кабар калтырат. Чал келгенде тактектик кыздын ооруп кеткенин айтып, ал эми жакшы кабар – “балаңыз ошол жактык келин алып келе жатат” дешет. Чал тойго камылга көрөт, ал эми тактектик кыз үйүндөгүлөрдү таңкалтырып, үн-сөзү жок караңгы үйдө отуруп калды.
Эми булардын баардыгы биз көрүп, угуп аралашып жүргөн эле нерселер, бирок ошолорго өң-түс берип, ширин кылып жазуу – бул чоң чеберчиликтин белгиси. Ушул жагдайда Ж.Бөкөшов Мамардашвилиге шилтеме берип минтип жазган экен: “... атактуу француз жазуучусу Марсель Пруст “сиз майда-барат нерселерди таасын баамдайсыз, деталдарды бадырайтып сыпаттайсыз, калемиңиз микроскоптой” деп мактагандарга: “Жо-ок! Менин жазыш куралым микроскоп эмес, телескоп” деп жооп берчү экен. Ал эми Абдиламит ал көрүнүштөрдү өзүндөй кылып эле чоңойтуп койсо анча болбой калар эле, ага чыгармачылык өң-түс берүү, андан керек болсо адамзаттык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу бул башка кеп.
Габриэль Гарсиа Маркес Нобель сыйлыгын алганда, анын апасына “балаң дүйнөлүк сыйлык алды” деп сүйүнчүлөшөт. Ошондо апасы биздин тил менен айтканда, “аа жакшы, ал айылдагы катын-калачтардын айткан-дегендерин терип-тепчип жаза берип эле болгон турбайбы” деген экен. Ошонун сыңарындай, Абдиламит да күнүгө биз уккан, көргөн нерселерди эле зер-зеберине эч ким, эч качан жаза албаган деңгээлде жазып жатпайбы!
Ал эми Абдиламит Матисаковдун илимий-педагогикалык, коомдук-мамлекеттик ишмердиги (КТР ‒ “Кыргыз Туусу”) жана Матисаковдун мектеби – ар бири өз-өзүнчө узун сөз кылууга арзыйт.
Иши кылып калемиң мокобосун, Абдиламит!

Жолборс Жоробеков, саясый илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер
"Азия Ньюс" гезити











