Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Кубатсыз экономика – баңгизат менен сойкуларга жакын...”

Мамбетжунус Абылов: “Кубатсыз экономика – баңгизат менен сойкуларга жакын...”

29-апрель, 13:53
922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус ага, Садыр Жапаровдун маалымат кызматы Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын шаарларында казино ачуу боюнча таңгала турган билдирүү таратты. “Эгер кыргыз коомчулугу казинонун ачылышына каршы болсо, казино тууралуу кабыл алынып жаткан мыйзамга президент вето коёт” деп. Айтыңызчы, президент Садыр Жапаров анда өз демилгесинен өзү баш тартабы?

-- Президент Садыр Жапаров сунуштаган казинону кыргыз коомчулугу жылуу кабыл алган жок. Мунун үч себеби бар: биринчиси,коррупция басандабай турганда накталай акча айланган казинону жергиликтүү элден көмүскөдө кармоо демилгеси элде шек туудуруп жатат. Экинчиси, казинодогу кумар оюндары жергиликтүү мусулмандарды эртели-кеч азгырбай койбойт. Ошондуктан казинонун ачылышына муфтият да Садыр Жапаровго салкын колдоо кылганы байкалып калды. Үчүнчүсү, чакан казинолордо акча көлөмү аз болгондуктан, бийликтен жөлөк тапкан казинолор бат эле баңгизат, сойкуларды чет элдерге саткан очокко айланып кетишет. Ошондуктан казинону жергиликтүү элден көмүскө кармоону жарыялаган Садыр Жапаров “буларга жөлөк болгусу келип жатса керек” деген элде ага шек жаралып жатат. Себеби, биздин экономиканын кубатсыздыгынан баңгизат менен сойкулук азайбай келет. Муну эч кимден жашыра албайбыз. Ушул аталган үч факт Садыр Жапаровдун өзүнө түздөн-түз тийешелүү болуп жатканын сезгенден кийин, ал өз демилесинен баш тартты (!) деп ойлойм.

 -- А Садыр Жапаровдун «дос-секретары» аталган УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев эмне үчүн чек ара маселеси боюнча өзүнүн элге жарыя кылган чечиминен баш тартты?

-- Орто-Токой суу сактагычы боюнча Камчыбек Ташиев кыргыздарга абдан пайдалуу чечимге жетишкенден кийин гана («Аппетит приходит во время еды» деп орустар айткандай), Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өзбектер Ташиев сунуштаган чечимге макул болорун ал түшүндү. Ошондуктан ал мурунку, мүмкүн саал шашылып жарыя кылып алган чечиминен баш тартып, биздин элге абдан пайдалуу чечимди ал өзбек туугандарга сунуштаганы турат. Ушул маселени саясатка айлантпай, кичине сабыр кылып турсак, ийгилик биз жакта болоруна ишенип турам.

-- Анда 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечиле турган болуп калдыбы?

-- Ооба, болгондо да биздин элдин пайдасына. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер