Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ковид апааты босогодо. Райым Матраимовду эстейбиз, керекке жарайт беле?

Ковид апааты босогодо. Райым Матраимовду эстейбиз, керекке жарайт беле?

08-апрель, 19:54
805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул күндөрү кайрадан коронавирустун кучагында калуу коркунучу коңгуроо катары кагылууда. Элибиз кыйналганы турат. Эрксизден Райымбек Матраимов эске түшүүдө. Былтыр март айында вирустун белгилери табылып, көп өтпөй аймактарыбыз карантинге алынган. Бир эсе Сооронбай Жээнбеков жаздагы митингден коркуп кетип, өзгөчө абал да киргизип жиберген эле.

Ошол күндөн тарта Райым мырза Кыргызстандын баардык аймактарына гуманитардык жардамдарды тараттырып, кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө кол сунган. Андан сырткары беткап, ПЦР тесттерди, жасалма дем алдыруучу аппараттарды, айтор, кандай муктаждык жаралса, баардык медициналык каражаттарды камсыздоого киришкени эсибизде. Жаз айларындагы кыйынчылык башталган убакта каарманбыз элибиздин жүгүн көтөргөн.

Коронавирустун экинчи толкуну катары июнь айынын аягында апаат кескин түрдө курчуп, мекендештерибиз ооруканаларга батпай, сыртта кулай башташкан. Мындай шартта Райымбек Матраимов тездик менен кошумча ооруканаларды Бишкек, Ош шаарларында ачтырып, чоң команда менен ишке киришип, элибизге арка-бел болгонун кантип унутабыз? Дээрлик жетишсиз болуп аткан дары-дармек, медициналык аппараттарды алдырып, эки айдан ашык убакыт миңдеген адамдарга жардам көрсөткөн. Ден соолук коопсуздугун алдын алуу менен массалык түрдө элибиздин кырылуусуна каршы турган да. Кайгылуу ирмемдер көз алдыбызга күнү бүгүнкүдөй тартылат...

Эгерде ал башка байлардай сараңданып, бекенип жата бергенде, балким Сокенин бийлиги пандемия учурунда эле кубаланып кетмек. Ооруган, жумушсуздуктун айынан кыйналган көпчүлүк көчөгө чыгып кетишери шексиз эле. Туруктуулуктун сакталышына, оор сыноону жеңүүгө каарманыбыз салым кошкон да. 

Натыйжада, кайрадан былтыркы вирус коркунучу жайылуу алдында турат. (Учурда коңшу Казакстанда бул жагынан абал оорлошууда). Бийлик болсо элдин керегине жараган Райымбек Матраимовду ички-тышкы бузукулардын жалаасы менен түрмөгө камап, колу-бутун тушап салды. Эми ковид апаатынан элибизди ким сактайт? Ансыз да жакырчылык, кымбатчылыктын арааны жүрө баштаганда, “бечелге жөтөлдүн кереги жок” дегенге болбой, кайрадан пандемия сазына тыгылсак, каржалып турган калктын шору шорподой кайнап, четинен кырыла баштаса кантебиз?

Кандай күндө да Райымбек Матраимовду түрмөдөн чыгаруу керек. Ак көңүл, март уулубуз балким кризис-менеджерлик таланты менен караңгыдан жол табууга жарайт беле? Ансыз да коркутуп-үркүтүп атып, “рекетчилик” таризде миллиард сомун, үй-мүлкүнөн бери мамлекетке төктүрүштү. Бирок, куту бар адамдын ырыскысы түгөнбөгөн сыңарындай, ага башка жагынан Кудай береттир... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер