Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектемир Төлөн уулу: “Саламат Садыкова “чылпагын алам деп көзүн кайра чукуду...”

Бектемир Төлөн уулу: “Саламат Садыкова “чылпагын алам деп көзүн кайра чукуду...”

01-сентябрь, 13:00
2 302 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Өзү деле катачылыгын сезди, кечирим сурап жатат го" деп кечээ болушуп чыксам, бүгүн "чылпагын алам деп көзүн чукуп алды" кылдыңыз го! Ай-ай эжеке, дагы туура эмес сүйлөп алдыңыз да. Мындан көрө мурунку жазган "кечирим кайрылууңуз" бир аз "абийирдүүрөк" эле. "Акыйкатты айтам..." деген сөзүңүздү кошкондо эле "ай, чёрттуку!" деп ордуман туруп кеттим. 

Өнөрүңүз эле болбосо, талантыңыз эле болбосо, сиз деле көчөдөгү чырга жакын адамдарга окшош окшойсуз (!) деген ой келди. Ички жандүйнөңүздү билбей туруп эле сизди кумир тутуп алгандар көп турбайбызбы. 

Өткөндө бир бала Фейсбукка видео чыгарган экен, "ырчылар, силер ырдап эле жүрө бергилечи, ар нерсени сүйлөп, ар жакка жабышып, кыпчыла бербей" деп. Мага ошол баланын сүйлөгөнү жакты эле. Мен да айткым келди, "чыгарманы акын, жазуучулар жазышсын, өткөндү тарыхчы, санжырачылар айтышсын, балдарды мугалимдер окутушсун, бейтаптарды доктурлар дарылашсын, өтүктү өтүкчү тиксин, малды (чымчык болсо да) касапчы сойсун" деп.

Ар кимдин кызматын, милдетин талаша бербей, ар бирибиз өзүбүздүн ишибизди мыкты аткарганда гана алдыга жылыш, жакшы жакка өзгөрүү болот. 

Сиз катардагы карапайым, жөнөкөй адам эмессиз. Сиз кыргызга аздыр-көптүр эмгеги сиңген маданияттын өкүлүсүз, көптөр сизге түздөнүп, сизге окшоп элге кызмат кылган, элине руханий азык тартуулаган таланттуу ырчы болгусу келип жүрүшөт.

"Мен аппакмын, менин айтканым туура, мен акыйкатты айттым, ошентсе да кечирим сураса сурап коёюн" деген позицияңыздан кайтпасаңыз, өзүңүзгө эле жаман болуп калат. 

"Иттик менден кетиптир. Оюмду туура эмес сөздөр аркылуу билдирип алыпмын, туура эмес сүйлөп алыпмын" деп чын дилиңизден кечирим суроо менен эле маселе чечилип калмак. Кыргыз эли айкөл эл, чын дилиңиз менен элден кечирим сурасаңыз, эл "азамат экен, мыкты, мына көрдүңөрбү, жакшы адам ушундай болуусу керек" деп эле ыраазы болуп калмак.

Менин жазгандарымды түшүнүү менен кабыл алыңыз. Мага окшогон талантыңызды, өнөрүңүздү, элге сиңирген эмгегиңизди сыйлагандардын катары көбөйө берсин.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер