Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Убагында Ташиевдин баласын кордогон Султанов генералдык чин алабы?

Убагында Ташиевдин баласын кордогон Султанов генералдык чин алабы?

20-сентябрь, 22:58
737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмазбек Атамбаевдин кудасы Алымбай Султановдун баласы Улан Султанов ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеп отурат. Жакында кызматкерлери баңги жана пара менен шугулданышып, кармалышкан эле. “Солк” деп койбоду. 

Мындан да кызыгы, милиция күнүнө карата Улан Султанов генерал-майор чин-даражасын алууга чуркап атканы угулду. Кайсы кыйраткан эмгеги бар экен? Байып, чет өлкөгө байма-бай каттаганы үчүнбү? Же “Costa Brava” пансионатынан коттедж сатып алганынабы?..

Баса, Улан Султанов Октябрь РИИБде оперзам болуп туруп, агездеги оппозиционер Камчыбек Ташиев куугунтукталып атканда, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегенсип, баласын кармап, бүтүндөй мамлекеттик машина аркылуу каралашканы эсиңердеби? Бул ишке ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев аралашып, жогорку эгелерине жагыныш үчүн жасашканбы? Ошондон кийин Улан Султанов Октябрь РИИБге начальник болгонун да билебиз. Жасалма даража күтүп. Ушундай да күндөр өткөн. Бул оомал-төкмөл заманда жакшылык унутулуп калышы мүмкүн, бирок жамандык жасагандар эч качан эстен кетпейт. 

Ооба, алдын ала коңгуроо кагып коюуну эп көрдүк. Улан Султановдун жетекчилиги астында Октябрь РИИБде кылмыш иштери фальсификациялоо болгону, бул боюнча башкы прокуратура убагында 25 иш козгоп, бирок “жең ичинен ымдашып”, бүтүрүп алышканбы? Дагы “каза берсе” каңырык түтөйбү? Ушундай күмөндүү, шектүү полковник кантип генералдыкты алат? Же кыргызбайчасынан боло береби? Айтор, кабыргасынан коюлган суроолор көп. Жооп бериш керек да. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер