Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ТЭЦ жарылды. Тийешелүү чиновниктер жаза алышабы?

ТЭЦ жарылды. Тийешелүү чиновниктер жаза алышабы?

09-февраль, 12:00
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек ТЭЦи жарылгандан кийин шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жылышы үзгүлтүккө учурады. Бир жагынан жарык да улам өчүп, кошул-ташыл терс көрүнүшкө күбө болдук. Элибиз кокусунан жаралган кыйынчылыкты түшүнүү менен кабыл алгансыды. Дагы жакшы, Садыр Жапаровдун ыкчам кийлигишүүсү кризистен чыгып кетүүнү эртелетти. Ооба, бул окуя чоң сабак болушу керек. Анүчүн шалаакы, кайдыгер чиновниктерге чара көрүүнү унутпайлы. Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев баштаган жетекчилердин жоопкерчиликтерин карап көрүү зарыл. 

Эске салсак, өткөн сентябрь айында өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкек ТЭЦке барганы белгилүү. Иш жүзүндө 2023-2024-жылдарга карата текшерилип, шаардыктарга жылуулук берүүгө даяр экенин билдирген. Тилекке каршы, 2-февралда кыйроого кабылды. Бул күндөрү суук -5-10 градуска жетип атты. Көпчүлүк элибиз кыйналды. Ооруканаларда операциялар токтоп, өмүргө кооптонуу коңгуроолору кагылды. Бала бакча, мектептер жабылды. Айтор, кыжалаттык, тынчсызданууга кабылдык.

Кайсы гана мекеме болбосун, терс окуя катталса, иши үзгүлтүккө учураса, тийешелүү башчыларын жазалоо тартиби каралышы керек. ТЭЦте жарылуу катталдыбы, демек, алдын ала чаралар көрүлгөн эмес. Мүчүлүштүктөр кеткен. Дал ушул жагынан талдоо жүргүзүп, баа берүү шарт. А болбосо башка жагдайлар чыкса да жогорку чиновниктер жоопкерчилик алышпай, бийликтин аброю эл астында түшө бермекчи. Өткөндөн сабак алып, келечекке ишенимдүү кадам салыш керек.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер