Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Полковник Асан Токтомамбетовдун ОПГга байланыштуу каңшаары

Полковник Асан Токтомамбетовдун ОПГга байланыштуу каңшаары

26-май, 21:47
985 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда Асан Токтомамбетов Өзгөн РИИБ начальниги. Бул кадр мурда кызматтан катуу статья менен четтетилип, ИИМдин жооптуу кызматына алынбай турганы боюнча чечим чыкканын эшиттик. Убагында Чүй ОИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеп, Сокулук РИИБ начальниги да болгон. Ошол кездерде “Дөө Чыңгыз” менен жашыруун кызматташуусу ачыкталып, жумушка алынбоо тыянагы чыкса, кийин эмнеге көз жаздымда калды? Башынан эле милицияда “кой терисин жамынган карышкырлар” боло келген. Азыр андайлардан кескин түрдө тазалануу вазыйпасы аткарылууда. Эмесе, Асан Токтомамбетовдун өткөн чактагы кыңыр иштерин көтөрүп, кайрадан талдоо жүргүзүшсө, Өзгөн РИИБ башчылыгынан кол жууйбу? Кезинде жетекчилик кызматтарды аркалап, анан ОПГ лидерлери менен камыр-жумур аралашса, оор статьяга илинип, кайра келгис катары кетсе, а кантип эми билмексен болуп отурат? “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” дегендей, олуттуу кине коюлганы чатак го? ИИМдин ички иликтөө кызматы материалдарды аңтарса эле айыбы ачылат окшойт...    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер