Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакынкы беш-он жылда Кыргызстандын өнүгүүсүнө үмүт жокпу?..

Жакынкы беш-он жылда Кыргызстандын өнүгүүсүнө үмүт жокпу?..

26-сентябрь, 09:00
406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн салык саясатына каршы ишкерлер дайыма нааразычылык жаратып келишет. Өлкөдөн чыгып кетип аткандар да арбын... Мындай шартта сырттан көрүнүктүү инвесторлор деле келбей калышты. Жакынкы беш-он жылда Кыргызстандын өнүгүүсүнө үмүт жокпу?..

Төлөнбек Абдыров, экономика илимдеринин доктору, профессор:

-- Негизи эгемендик алгандан бери биздин ишкерлер оюндагыдай иштеп, кээ бирөөлөрү салыкты толугу менен төлөсө, айрымдары аттап өтүшүп, салык инспекциясына кирешелерин толугу менен көрсөтпөй келгендер да арбын. Бирок акыркы кездери биз санариптештирүү багытына түшкөндөн бери көмүскө экономикада болгон көрүнүштөрдүн баары ачыктала баштады. Эң негизгиси, кээ бир учурда башкача өңүттө иштеген биздин ишкерлер кыйынчылык көрүп жаткандай эле сезилүүдө. Анткени биздин салык мекемеси мындай нерселерди ишке ашырардан мурун бир топ убакыт өткөрүп, изилдөөлөрдү, сурамжылоолорду жүргүзүп, ишкерлер арасында бир топ талкууларды өткөрүп, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Биздики болсо кыска аралыкта ар кандай салык системаларын киргизе коюп, ишкерлер кыйналып жатканын көрүп жатабыз. Кыйналгандар башка өлкөлөргө барып, алардын ыңгайлуу шарттарына көнүп, иш баштагандар деле жок эмес. Булардын алдын алуу үчүн кеңири талкуу, изилдөө, талдоо жүрүшү керек эле. Өкмөт жыйынтыктары чыга баштагандан кийин бир сыйра салыштырып көргөн соң, туура чечимге келет деген ой бар. Ишкерлерди такыр эле талкалап албай, кандайдыр бир жол тапса болот да. Өкмөт ойлоно турган учурда деген пикирдемин.

Улукман Мамытов, экономист:

-- Салык мамлекеттик мыйзамдын негизинде болуп жаткан соң төлөш керек. Евразиялык биримдикте Кыргызстандын салыктары негизинен аз эле көлөмдө. Бизде инвестициялык атмосфера жаман эмес. Тышкы инвесторлор негизи салыкты деле карабайт, биздин рыноктогу потенциалыбызга көз салып, өсүүчү тенденцияны, географиялык локацияны карашат. Бизден кетсе саналуу ишкерлер кетсе керек. Алардын ордуна башкалар келет. Келечекке үмүт чоң эле. Буюрса өлкөбүз өнүгөт деген ишенич чоң. Негизи салыкты төлөп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуш керек деген ойдомун.

Искендер Шаршеев, экономика боюнча эксперт:

-- Менин оюмча, Кыргызстанда салык саясаты жаман эмес. НДС төлөбөй иштесе болот. Бир гана НДСке кирүүчү товардын кыймылын каттатуу зарыл. Мисалы, кичи бизнес жасаса, бир жылга чейин отчет бербей койсо болот. Жеке ишкерлик баштаса санарип акча менен 4%, накталай төлөсө 6% төлөнөт. Салык саясаты тең салмактуу десем жаңылышпайм. Бир гана фискализация, ар бир кыймылды катташ керек болду. Бул эми цивилизациялык өлкөлөрдө көнүмүш эле адат. Инвестициялык шарттарды түзүүгө көп аракеттер болуп жатат. Жакшы абал түзүлө элек, бирок кадамдар ташталууда. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер