Мен жашоодо мырзаларды жолуктурган сайын, балам катуу ооруй баштайт
Мен мурдагы күйөөм, башкача айтканда, уулумдун атасы менен ажырашып кеткениме беш жылдын жүзү болду. Ортодо жаман окуялар болуп, ажырашууга жеттик. Менин жалгыз карманаар балам улам чоңоюп келет. Жакында он жашка толот. Бирок күйөөм менен ажырашкандан бери экинчи бүлө курууга оюм болгону менен тагдыр мени жазалап келет. Качан оюмдагыдай мырзаны жолуктуруп, жолугуша баштаганда, уулум колу-бутун кокустатат же катуу ооруп калат. Башында жакшы түшүнө албаганым менен бул сырдуу дүйнөнүн бир белгиси экенин түшүнө баштадым. Маал-маалы менен уулум атасына жолугуп кайтат. Ал жолугушуудан соң жакшы тамактанып, көңүлү ачылып калат. Учурда күйөөм кийинки жубайы менен ажырашып, чет өлкөдө жүрөт.
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздан жаман-жакшы нерселер өттү. Ал экинчи ирет үйлөнүп ажырашты. Балалуу боло алган жок. Эми уулубуз үчүн кайра жарашууну туура көрүп жүрөм. Бирок, аял башым менен кантип билдирем? Бул жагдай оор болуп, ойго чөгүп жүрөм.
Асылай