Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эл деген сел, өмүр бою чыдай бербейт”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эл деген сел, өмүр бою чыдай бербейт”

25-март, 09:00
382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алдыда келе жаткан Нооруз майрамыңыз менен! Келип калыпсыз, маанайыңыз кандай? 

-- Кудайга шүгүр. Пландуу медтекшерүү өтүү үчүн келдим. Маанай эми ар кандай. “Ноорузду арам” десе көңүлүм чөгүп, “сүмөлөк бышырганы жатабыз” десе кубанып калып, жүрөбүз айтор. Биз бир баш-аягыбызды жыйып, эс токтотуп, жаман-жакшыны ылгаганга жетер күн бар бекен деги? Же ушинтип чабалактап жүрүп жок болуп кетер бекенбиз?..

-- Бийлик жаңыланганына үч жылдан ашып кетти. Өлкөдөгү өзгөрүүлөргө баам салып атсаңыз керек. Коомубуз кайда бараткандай?

-- Өлкө жетекчилиги колунан келгенди жасап, жанталашып эле атат. Албетте,  жакшы атты болгулары келет да. Бирок кыйын, бизде өзү ресурс тартыш. Кайра-кайра “кустурган” менен маселе чечилбейт. Позитив тууралуу далай айтылды, биз да айттык, аны айткандар жетиштүү, бирок ошентип жанталашып иштөө, ууруларды жазалоо, “кустуруу”, камоо кандай жыйынтык берип атат (?) деген суроого жооп издегенибиз байкалбайт. Башында ууруларды камап, “кустура” баштаганда, шатыра-шатман кол чаап дуулдап кубанган эл бүгүн эмнегедир томсоргонсуп калыптыр. Кымбатчылык, жакырчылык, анан камалган уурулар “окшуп” чыгып кетип, “адилет сөз айтабыз” деп балээге калган акчасыз жаштардын камакта калып атканы элдин маанайын өзгөртө баштагандай...

-- Баарына эле бирдей, "бийликти басып алууга чакырык, аракет..." дегендей айып тагылып жатканы да айтылууда

-- Бизде бийлик төңкөрүү жолу менен бир нече жолу алмашпадыбы, ошондуктан дагы кайталанбасына кепилдик жок да. Ошон үчүн “учкунду жалынга айлантпай, убагында өчүрүп, коркутуп, камап, сындырып, уюшуп аракеттенүүгө жол бербей коё алабыз, колубуздан келет” деп ишенип алышкан. Чынында эле азырынча кырдаалды көзөмөлдөө колдорунан келип атпайбы. Коом чачкын, биримдик жок, баштоочулары түрмөдө... 

-- Бирок мындай кырдаал дагы канчага созүлат? Эл канчага чыдайт? 

-- Кысым менен көпкө кармаш кыйын. Пружина чегине жеткенде артка тебет. Эл деген сел, өмүр бою чыдай бербейт. Калк маанайын өзгөртүү үчүн экономикалык өсүш – кургак цифра эмес, көпчүлүк жонтериси менен сезген өзгөрүү – токчулук замандын элеси келиш керек. Анан ансыз деле "биз эл үчүн кан-жаныбызды аянбай иштеп жатсак, силер...” деп эле четинен уйпалап баса калуудан эчтеке өзгөрүү болбосо, анда албетте таз кейпибизге кетебиз. Кайрадан эл көтөрүлүшү мүмкүн бир күнү. Азыр заман башка, дүйнө кайра форматташып бөлүнүп атканда мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап, жок болушубуз да толук ыктымал...

-- Бийликти күч колдонуу менен алмаштыруу, бейстабилдүүлүктү бузуу боюнча камакта жаткандар тууралуу кеп болгондо “сырткы күчтөрдүн, Батыштын таасири, тапшырмасы менен аракеттенишкен” деген сөздөр көп айтылууда. Айрыкча иноагенттер тууралуу мыйзамды талкуулоодо. Буга кандай карайсыз?

-- Азыр дүйнөдө эки дөө – Россия менен АКШ башында турган бирдиктүү Батыш кармашып жатат. Бизге окшогон майда, квази мамлекеттер алар үчүн жөн эле курал, согуш отуна салчу эле отунбуз, ошону эстен чыгарбоо керек. Украинадай эле колдонуп коюшат, баарыбыз кырылып калсак да “не жалко”, аларга кайра жакшы, жер бошойт...

-- Бул багытта Кыргызстандын учурдагы тышкы саясатына кандай баа бересиз?

-- Садыр Жапаров башында эле ачыгын айтып, туура жолду тандады. Тагдыр чече турган маселелерге аралаша тургандай чамабыз жоктугун моюндап,   нейтралдуулукту карманып, көп векторду тышкы саясат жүргүзөрүбүздү айтты. Россия федерациясы менен стратегиялык өнөктөш экенибизди баса көрсөтүп, аракеттенип, кыргыз-орус мамилесин жогорку деңгээлде кармап келе жатат. Кытай, казак, өзбек, ж.б. коңшулар менен региондогу стабилдүүлүктүү камсыздоо үчүн жасалган аракеттерге ШОС, ЕАЭБ алкагында активдүү иш аракеттерди жүргүзүүдө.

-- Садыр Жапаровдун Блинкенге жазган каяша катынан кийин Батыш менен болгон мамилебиз кай багытта, кандай өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн?

-- Бирдиктүү Батыштын бир эле глобалдуу максаты бар – гегемондугун (дүйнөгө кожоюндугун) сактап калуу, дүйнөнү АКШнын эрежеси менен жашатып, адамзаттын эсебинен мителик жашоосун улантуу.

СССР жоюлгандан кийин 30 жыл Батышка баш ийип, өлкөсүн тонотуп, элин ачтан кырдырып аткан Россия суверендүүлүгүн калыбына келтирүүнү чечти. Ага жол бергиси келбеген АКШ талкалап, бөлүп, тоноп алууну көздөп, Украинаны тукуруп, санкциялары менен муунтуп, Россияны СВО баштаганга аргасыз кылды. Бүт дүйнө ЖМКларын доллар менен чырмап сатып алган АКШ "Россия – агрессор!" деп үтүктөн бери ырдатып, изоляция кылып, бир да мамлекет салам бергис кылмак болду. Анан? Эки жыл "Россия – агрессор!" деп айкыргандар   Т.Чоротегин сыяктуу руссофобдор бүгүн кайда? Чээнде калтырап жатышат. Жалпы адамзатты түбөлүктүү жинди кылып, калпты ырдатып коюу мүмкүн эмес экенин турмуш далилдеди. Кечээ БУУда добуш берүүдө АКШ 50гө чамал мамлекттин колун кайрып добуш алса, 130дан ашык мамлекет Россияны колдоп чыкканда, бул ачык көрүндү. Батыш Арменияга шайланууга берген жардамынын акысын алуу үчүн Пашинянды колдонуп атат. Эми шордуу армяндар Украинанын кейпин кийет. А Садыр Жапаровдун Батыштын атайын кызматтарына карызы, берген убадасы, коркок-билиши жок. Биздин суверендүүлүктү жогору койгонун көрсөттү. Албетте, Батыш ар кандай бут тосууларды жасайт, ал турган иш, бирок кыргыз менен орусту кайраштырып, антироссия жаратып, кыргыз жерин Россияга каршы плацдарм кылуу пландарын ишке ашыра албайт (!) деп ишенимдүү айтсак болот. Себеби, Палестина менен Тайвань кошул-ташыл болуп, АКШнын шайы оой баштады. Армения бышып калган үчүн процесс уланат жана ошондой эле орус шовинисттери менен казак националисттерин кайраштыруу абдан күч алды, тутанышы мүмкүн. А бизде тымызын руссофобдор көчүгүн кысышты, "Пашинян" болуп берүүгө жарачу Равшан камакта жатат.

-- Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов жана башкалар менен соцтармактан талашып-тартышып каласыз. Токсонунчу жылдарда коммунисттик режимге каршы КДКда (Кыргызстан Демократиялык Кыймылы) бирге жүрдүңүздөр эле демократияны талап кылып...

-- Демократия жаман деген эч ким жок, ал жакшы, эгер ал болсо. Коммунизм куруу идеясы жаманбы? Ал асыл идея. Бирок биздин аталар үчүн колдон келгис идея болду, тажадык, чыдай албадык, кулатып тындык. Эми демократияны деле куралбай жүрөбүз темселеп. Биз тургай, тиги негизги демократия үйрөткүч Батыш деле өзү кура албаптыр. Куралга айлантып алышыптыр болгону. Жакпасаң бүттү, демократия эмессиң. Жагып турса, бүт оппозицияны, эркин ЖМКларды жаап, жоюп, камап салсаң дагы, төңкөрүш кылып басып алсаң дагы, шайлоо өткөрбөй токтотуп салсаң дагы баары бир, Батышка керек болсоң болду, “демократиялык өлкө” деп колдоп, колдоно берет экен. Украина сыяктуу. Аны эмне, Чоротегиндер билбейт дейсиңби? Билип эле турушат. Биздин элди, бийликти келесоо тутушат,   "байкашпайт, эчтеке болбойт" деп батыштык өнөктөштөрүнүн тегирменине суу куюп атышат. Көптөн бери алардын акырынан жем жеп көнүп алышкан, мамилелерин бузгусу келишпейт, карыздар... А алардын Батыштагы кожоюндарына эмне керек? Украиндердей болуп Россиянын тегерегиндеги коңшуларынын баары Россияны жек көрүп, Батышты колдоп калганы керек.

Ошону жанагы майда-чүйдө камалган 11 журналист эмес, Чоротегин, Молдокасымов сыяктуу такшалган иноагенттер жүргүзөт. Алар тиги жаштарга окшоп бийликти боктобойт, кайра мактап-жактап, Батыштан да, "эки достон" да алып, эки уйду эмген “куу торпок” болуп жүрүшөт. А кылган иштери расалык жек көрүүчүлүктү жайылтуу. Орус эли менен кыргыз элин тымызын кайраштырып атышат. Карапайым калктын көпчүлүгү күнүмдүк көроокат менен алпурушуп, саясый маселеге үстүртөн карашат. Булар ошондон пайдаланып, "жылжытып", батыштык демөөрчүлөрүнө кызмат өтөшүүдө. Мисал катары, акыркы эле Кыяс Молдокасымовдун соцтармактагы кыргыз менен орусту кайраштырганын айтсак болот: "Эгер 1916-, 1938-жылдарда орустар кыргызды кырбаганда, кыргыздар 15 миллионго чамалап калмак экенбиз" деп, элдин сезимине жыландын уусун куюп, жек көрүүчүлүктү күчөтүүдө. “Кыргыз каганаты жоюлуп, мамлекеттүүлүгүнөн ажыраган X кылымдан XX кылымга чейин он кылымда, миң жылда 1 миллионго жете албаптырбыз. А орус менен бирге жашаган Совет доорунда: 1916, 1938, 1941-жылдардагы жоготууга карабай 5-6 миллион адамга көбөйүптүрбүз, тобо дебейлиби?” десең эч жооп жок. Ажылдайт ажаан катынча. "Сен Путинге, орус өкмөтүнө жагынып атасың" дейт. Же мен бир аларды таанысамчы?! Кызыл кекиртек үчүн гана кыймылдап, тияктан, быяктан бир нерсе алып жан багууну гана көздөгөн көрпенденин башына “элге оорчулук түшөт” деген ой келбейт экенин көрдүм.

"Заман катаал болуп турат, коңшулар менен ынтымакта турбасак, элге оор болот. Кой, мунуң расалык жек көрүүчүлүктүү козутуу, элдин убалына каласың, жооп берип каласың!" десем, чочуп кетип, кайра мага асылып, Путинди мактап ойдолоктоп, ошону менен тынчып жоголду. Бирок Кудай жалгап, азыр ал темага жолобой, ар нерсени жазып өзүн пиарлап жүрөт. Чоротегин да СВО башталгандан кийин тынчыбай, Россияга тынымсыз жалааларды жаап жүрүп, акыры жоопкерчиликтен чочудубу, элибиздин коңшулар менен мамилени бузгусу келбесин, Батыштын арам саясатын колдобостугун көрүппү, же бизге окшоп сөккөндөрдөн уламбы, ал дагы токтоп, тымызын аракетке өткөндөй.

А биздин бийлик болсо ушул сыяктуу элге кесепети тийчү кылмышты көрбөйт, өзүлөрүн сөкпөсө болду. “Батыштыктарды камап атабыз” таризинде жекеликтерине асылган жаштарды Россиядан алдыртып камаганды өнөр көрүп жүрүшөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер