Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » 9-майда фашистти даңазалап, пастыгын көрсөткөн мэр Бакыт Кудайбергенов
9-майда фашистти даңазалап, пастыгын көрсөткөн мэр Бакыт Кудайбергенов
15-май, 18:59

Бишкек шаарынын мэри Бакыт Кудайбергенов иштей албай атканы аз келгенсип, 9-майдагы Жеңиш күнүндө азиат улутундагы жоокердин фашисттин колуна түшүп калган образын аянтка илдирип, чоң катачылык кетирди. (Береги сүрөттү карагыла). Маскара! Кыргыздын баатырларын ардактабай, немистин жоокерин даңазалап салды. Эмне дейбиз? Саясый түшүнүгү, идеологиялык көрөңгөсү болбосо, билими, деңгээли жетишпесе, анан кантсин? Бийлик төбөлдөрү ушунчалык тажрыйбасыз адамды Бишкек мэрлигине отургузуп коюп, шаардыктарды шылдыңдап аткан кербезиби? “Балык башынан сасыйт” дегендей, Бишкек шаарыбыз бузулса, аймактар, айылдарыбыз өнүкмөк беле? Эрксизден баш чайкайсың да...
"Азия Ньюс" гезити