Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Татыксыз кадрларды чоң кызматка алып келүү – бийликтин негизги катачылыгы”
-- Төлөгөн агай, күздөн бери бир топ кадрлар өзгөрүүдө. Бул багыттагы артыкчылыктар менен кемчиликтерге токтоло кетсеңиз?
-- Президенттин жана министрлер кабинетинин азыркы мамлекеттик жана саясый дайындоолору тажрыйбасына карабай, мажирөө, чечкинсиз, эч нерсеге жөндөмсүз, татыксыз адамдарды чоң кызматка алып келгенин – бийликтин негизги катачылыгы катары эсептейм. Мамлекеттик жогорку бийликтин жетекчи кызматтары саясатчылардын талашына айланып, андан кийинки орундар кландык жана туугандык топторго жан-дили менен берилгендик принциптеринин негизинде бөлүштүрүлүп калды. Мамлекеттик кызматкерди даярдоо, тарбиялоо, өстүрүү боюнча советтик тажрыйбаны колдонсок болмок. Тилекке каршы, азыр “кадрлардын кадыр-баркын, жоопкерчилигин кантип жакшыртууга болот?” деп эч ким баш оорутпайт, кызыгы да жок. Мамлекеттик кызматтарга адистерди даярдоо, дайындоо эрежелери мыйзамда жазылган, бирок бул жагын айланып өтүп, коррупциялык иштер дагы эле гүлдөп жатат. Советтик заманда пионерден, комсомолдон баштап, баардык тепкичтер боюнча даярдашчу, бүгүн деле аларды колдонсо болот да. Андагы тажрыйбалар бүгүнкү базар шартына деле туура келмек. Кадрларды бир тепкичтен экинчисине көтөрүүдө ишиндеги жетишкендиктери биринчи эске алынчу. Ар бир кадр өз ишин мыкты аткарганга аракет кылчу. Бүгүнкү күндө башка жолдор менен келүүдө, азыркы жетишпегендигибиздин көпчүлүгү кадрлардын даяр эместигинен болууда. Мамлекеттик кызмат абдан оор жана жооптуу нерсе. Ага дайындалчу адам кадыр-баркы, иш тажрыйбасы, баскан-турганы, жасаган иши менен үлгү, элдин алдында жүзү жарык болуш керек.
-- Өкмөт казына толуп, жашоо оңолуп жаткандай түр көрсөтүүдө. Реалдуу жашоодо жакырчылыктын азабын тарткандар көп. Сиз кандай пикирдесиз?
-- Кыргызстандын ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинде жашайт. Бирок, 2023-жылдын акырына карата инфляциянын өсүшүнө байланыштуу мунун үлүшү 35%, алтургай 38%га чейин көбөйүшү мүмкүн. Өкмөттүн колдоосу менен 100 миңдеген үй-бүлө жардам алып жатат, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдар көбөйтүлдү. Бирок, Кыргызстандагы жакырчылыктын негизги себеби – жаштардын Россия, Казакстан жана барган сайын Улуу Британия, Түштүк Корея же Японияга миграцияга токтоосуз кетип жатышканы.
Бирок бул өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясы эмес. Узак мөөнөттүү келечекте өлкө адамдык капиталды чексиз экспорттой албайт жана жакырчылыкты азайтуу үчүн акча которууларга таянбайт. Бул жерде жергиликтүү экономикада иш менен камсыз кылууну көбөйтүү керек.
"Азия Ньюс" гезити