Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов: “Динди саясый максатта колдонуу жакшылык менен бүтпөйт”

Канатбек Мурзахалилов: “Динди саясый максатта колдонуу жакшылык менен бүтпөйт”

24-январь, 01:31
1 912 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аз күндө президенттин инаугурациясы өтүп, ишке киришкени турат. Мамлекеттик деңгээлдеги чечиле турган, күйүп аткан кайсы көйгөйлөрдү эске салгыңыз келет? 

-- Быйылкы жыл өлкөбүз үчүн толук бойдон эле саясый процесстер менен коштолуп, мамлекет түрдүү деңгээлдеги шайлоолорду өткөрүү менен алек болуп калат окшойт. Эң ириде бюджеттин таңсыктыгы, өлкө экономикасынын кейиштүү абалын оңдоо – жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алдында кечиктирилбей аткаруучу чоң милдет. Коронавирус кризиси ансыз деле араңжан экономикабызды тизелетип койду. Президент Жапаров тез арада саясый   стабилдүүлүктү камсыз кылып, экономикалык маселелер менен инвестициялык долбоорлорго көңүл буруусу зарыл. Коррупцияга каршы күрөш жалаң гана камоолор менен эмес, ошол “желип” кеткен акчаларды бюджетке төктүрүү, мыйзамсыз капиталды легалдаштыруу механизмдерин иштеп чыгуу дагы керек. Бул багытта Грузиянын тажрыйбасын колдонсок максатка ылайыктуу болмок. 

Октябрь окуялары, президенттик үгүт кампаниясы учурундагы эл алдында берилген убадаларды аткарууга "ишеним кредитине" аз эле убакыт берилди. Эми мобилдүү, кесипкөй команда менен көйгөйлөрдү четинен чече баштоо керек. 10-январдагы плебисциттен кийин бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алган Садыр Жапаровдон калктын калың катмары "кереметти, сыйкырды" күтүп жатат. Жаңы шайланган президенттин 100 күндүк иш аракетинен анын жакынкы беш жылдык программасы менен өлкөнү кайсы багытка алып барышы белгилүү болот.  

-- Конституция жазылып атканынан кабардарбыз. Бирок маңызы, кандай жагынан өзгөрүүлөр болуп атканы коомчулукка белгисиз. Эмнеге ачык талкуу болбой эле ийин казышкан суурлардай дүңүрөңдүп жатышат?..

-- Өткөн жылдын ноябрь айында түзүлгөн конституциялык кеңешме өз ишин шашылыш баштап алуусу ошол учурдагы саясый кырдаалга байланыштуу болду. Кеңешме тарабынан республиканын башкаруу формасы аныктала электе эле президенттик башкарууга ылайыкталган Башмыйзамдын долбоору иштелип чыкты. Учурунда Конституциянын долбооруна киргизилип жаткан айрым маселелер коомчулукта чоң резонанс жаратып жатты. 10-январда башкаруу формасы боюнча эл тандоосун жасады. Эми жалпы юридикалык процедураларды сактоо менен түзүлгөн конституциялык кеңешме “оппозициялык, позициялык” дебей, баардык кызыкдар тараптардын катышуусунда талкууларды өткөрүүсү зарыл. Убакыт аз. Өлкө болсо баарыбыздыкы.

-- Ислам динине ашкере берилген, светтик турмуштан алыс жашагандар бийликке жулунушуп, дээрлик саясатка аралашууга ашыгып калышканы эмнени билдирет? Мисалы, Мыктыбек Арстанбек президенттик шайлоого катышты. Анысы аз келгенсип, “Нур” партиясын түзүп, пикирлештери менен парламентке келүүгө ниеттенүүдө... Ислам мамлекетин жактаган бир топ молдоке, дааватчылар саясый талкууларга аралашып калышты. Мындай умтулуулардын акыры эмнеге алпарат? 

-- Кыргызстанда диндин саясатташуусу же саясаттын диндешүү феномени бир канча жылдан бери эле ар түрдүү деңгээлдеги шайлоо жараяндарында көтөрүлүп келе жатат. Алсак, 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбеков өз диндарлыгын көрсөтүп, айрым диний лидерлер менен бирге жүрүп, алар анын талапкерлигин колдогон учур дагы болгон. Алтургай анын мечитте намаз окуганы социалдык тармактарда тараган. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо диний риториканы үгүт кампаниясы учурунда колдонгон “Ыйман нуру” партиясы менен анын лидери Нуржигит Кадырбековдун өзгөчөлүгүн белгилеп кетсек болот. Алардын 70 миңден ашуун алган добушу Нуржигит Кадырбековдун харизмасы менен жер-жерлерде иштеген командасынын жыйынтыгы катары бааласак болот. Быйылкы жылдын 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоо мезгилинде бир канча талапкерлер үгүт кампаниясы мезгилинде өз роликтеринде, теледебаттарда диний риториканы колдонгонун көрдүк. Алардын ичинен диний чөйрөдөн чыккан, башка 16 талапкерге салыштырмалуу аз акча каражатын коротуп, шайлоочулардын 1,8%ына жакын добушу менен төртүнчү орунду алган Мыктыбек Арстанбекти айтсак болот. Бирок, анын алган добушу “Ыйман нуру” партиясынан пайыздык жактан дагы, сандык жактан деле үч эсеге аз болду. Бул – учурдагы Кыргызстандагы диний исламдык фактордун алсыздыгын көрсөттү. Бирок, Мыктыбек Арстанбекти колдогон диний спектрдеги топтун бар экенине дагы күбө болдук. Коомчулуктун диний фактордон көбү мекенчилдик, улутчулдук сезимдер менен тармактап кеткен коррупциялык схемаларга бирдикте каршы турууга болгон каалоосу жеңип, фаворит катары эсептелген Садыр Жапаровдун башка оппоненттерин ат чабым алыска таштап, марага биринчи келүүсүнө өбөлгө түздү. Мыктыбек Арстанбек келерки парламенттик шайлоого мурда эле түзүлгөн “Нур” аттуу партия менен барарын билдирди. Эми бул партия келечекте диний риториканы саясый максатта кандай колдонот? Диний чакырыктар шайлоочуларга канчалык сиңимдүү болот? Аны убакыт көрсөтөт. Негизинен, Мыктыбек Арстанбек жетектей турган саясый уюм диний чакырыктарды колдонуусун шайлоо, саясый партиялар, дин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдардын алкагында каралышы керек. Аны тийиштүү органдар такташат. Жакынкы тарых, башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, динди саясый максатта колдонуунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Дин – адам менен Жараткандын ортосундагы назик, интимдүү байланыш болгондуктан, аны жалпы коомчулуктун назарына алып чыгуунун дагы кажети жок.

-- УКМК соттордун, финпол кызматкерлерин жана милициялардын былыгын ачууда. “Мыйзамсыз баюу”, “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык пайдалануу” сыяктуу айыптар менен кылтакка илишип... А эң кызыгы, УКМК, АКСтегилер сүттөн акпы? Бул системада чириген бай-манаптардын иштеп атканы жалганбы?

-- Бул сурооңуз ары татаал, бир эсе кызыктуу экен. Азыркы кезде мыйзамдарда каралган “күнөөсүздүктүн презумпциясы” менен катар эле коомчулукта жемкорлорго болгон жек көрүү сезими дагы күчөп жаткан учуру. Сиз санаган органдарда баардыгы “сүттөн ак” деп айтуудан алысмын. Тармакка жетекчи болгон Камчыбек Ташиевдин учурдагы аракети менен жаңы жыл алдындагы билдирүүлөрү “УКМКнын ичи дагы жемкорлордон тазаланат” деген ойго жетелөөдө. Бул багыттагы иштерди тыкыр көзөмөлдөө Ташиевдин мындан аркы саясый бедели менен репутациясынын көрсөткүчү болот го (?) деген ойдомун.


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер