Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жатат

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жатат

12-октябрь, 18:38
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылы Кыргызстан калкынын саны жети миллион адамга жете турганын улуттук статистика комитети билдирүүдө. Статком эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын калкы 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамга жетти. Ал эми өлкөнүн 7 миллионунчу жараны 20-октябрда төрөлөт деп күтүлүүдө.

"Улуттук статком Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү жана саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя быйылкы жылдын 20-октябрына чейин болушу керек" деп белгиленген аталган мекеме тараткан кабарда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер