Улуу урматтуу Тургунбай Садыкович, 90 жылдык юбилейиңиз кут болсун!


Тургунбай Садыкович менен замандаш болгонум үчүн сыймыктанам, тагдырлаш болгонума мактанам, Х тамгалаш (художник-хирург) болгонума өкүнбөйм, өңүм окшош болбогонума сөгүнбөйм, деңгээлдеш болбогонума суктанбайм, илимдеш болгонума ийменем.
Тукемди көргөндө, Тукем жөнүндө сүйлөгөндө, демиңе дем кошулуп, дүүлөнүп калат экенсиң, күчүңө күч кошулуп, күүлөнүп калат экенсиң, жакшы жагын айтам деп, сүйлөнүп калат экенсиң, жаныңа жан кошулуп, жыргап калат экенсиң, оюңа ой кошулуп, ойлонуп калат экенсиң, тилиңе тил кошулуп, сайрап калат экенсиң.
Себеби, Тургунбай Садыкович Кыргызстанда жападан жалгыз Лениндик сыйлыктын лауреаты, Кыргызстандагы илим жана интеллегенция тармагынан жалгыз өзү гана эки жолку Баатыр. Ошондуктан, Тургунбай Садыкович элимден жогорураак, бирок Кудайымдан ылдыйыраак турат. Тагыраак айтканда, Тургунбай Садыкович элимден Кудайыма элчи, Кудайымдан элиме элчи. А мен болсо Кудайымдан элиме демчи. Ошондуктан, айткым келет, элчи менен демчиге душмандын бычагы мокок, элчи менен демчиге душмандын муштуму коркок, элчи менен демчиге душмандын тили чоркок. Бүт элим экөөбүзгө тең орток.
Тургунбай Садыкович, сиз өзүңүздүн эмгегиңиз менен отко күйбөс, сууга чөкпөс, өңү өзгөрбөс, жерде чирибес, найза сайса теше албас, кылыч тийсе кесе албас искусствонун шедеврин, скульптуранын берметин, живопистин шербетин жараттыңыз. Сиз асман абадай бийик, Жер энедей ыйык, Ала-Тоодой улуу, бакыйган сулуу адамсыз. Сиз Манастын, Чыңгыздын, Алманбеттин, Курманбектин, Саякбайдын, Орозбактын айкелдерин тийиштүү жерлерге тургуздуңуз. Алар – сиздин колду жоорутуп, белди оорутуп, маңдай терди чуурултуп жасаган эмгегиңиз, элибизге калтырган белегиңиз, Көк асабадай желбиреп турган желегиңиз, Кыргыз элим өсүп-өнсүн деген тилегиңиз.
Кыргыз адабияты үчүн Чыңгыз Айтматов канчалык бийик болсо, сиз кыргыз искусствосу үчүн ошондой бийиксиз, Кыргыз мамлекети үчүн ыйыксыз. Тургунбай Садыкович кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн алоолонуп күйдү, өз кесибин кыздай сылап-сыйпап сүйдү, сандаган искусство шедеврин түздү, скульптуранын татаал чынжырларын үздү. Тургунбай Садыкович өзүнүн эмгек жолунда адамдын акылы жеткис ишти жасады: анын далилин айта турган болсок, “Борцам Революции” деген легендарлуу скультурасы 1974-жылы Ленин атындагы сыйлыкка тактыктуу болгон. Бул сыйлык бир эле өзүнө эмес, бүтүндөй кыргыз элине, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө чоң эбегейсиз сыймыкты алып келди.
Тургунбай Садыковичтин аракети менен көркөм академия уюшулду, Кыргызстандагы көркөм искусствону жогорку деңгээлге көтөрдү, аны системага айлантты, көркөм искусство бүтүндөй Кыргызстанга таралды.
Тургунбай Садыковичти бир карасаң бул кишиде өтө эле жөнөкөйлүк менен кошо кичипейилдик бар, бир карасаң кадимкидей генийлик бар. Кичипейил кишиге генийлик жөнөкөйлүк аркылуу келет окшойт. Гениалдуу адамдын унчукпай жүргөнү да гениалдуулукту байкатып турат. Эгерде гениалдуу адам сүйлөп койсо, андай адам эки эсе көп гениалдуулуктун нурун чачыратып турат. Эта мысль по русски звучит очень поэтично и красиво: “У гениального человека и молчание гениально, но если гениальный человек говорит это уже вдвойне гениально”.
Тургунбай Садыковичтин иши таза – карасы жок, сөзү таза – катасы жок, ою таза – капасы жок, ичи таза – жаманы жок, жолу таза – баткагы жок, жүрөгү таза – чатагы жок.
Улуу урматуу Тургунбай Садыкович! Сизге бир кылым боло электе, сизге толук кылым толо электе, сиз толкуп турган тулпарсыз, учуп жүргөн шумкарсыз, искусствонун шедеврин кургансыз, көзгө көрүнгөн поэзиянын пайдубалын жаштарга сунгансыз. Тургунбай Садыкович, азыркы мезгилде бир адамга бир кылым аздык кылат, ошондуктан, сизге биз кошуп койсок дагы жыйырма жылың саздык кылат.
Улуу урматтуу Тургунбай Садыкович, 90 жылдык юбилейиңиз кут болсун! Сиз билесизби, 90 жаш – токол алам деген жаш, 100 жаш – токолдун артынан жүгүргөн жаш, 120 жаштан кийин өзүн-өзү билген жаш, бейиштин төрүнө кирген жаш, Кудайымдын илимин билген жаш!
Миталип Мамытов, академик, Кыргыз Эл Баатыры
"Азия Ньюс" гезити











