Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Чүйдөгү жүрөк титиреткен кырсык: жеңил унаадагы бир дагы адам тирүү калган жок
Чүйдөгү жүрөк титиреткен кырсык: жеңил унаадагы бир дагы адам тирүү калган жок
24-август, 12:01

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө катталган үрөй учурган жол кырсыктан “Honda Stepwgn” унаасында бара жаткан 8 жүргүнчү жана айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Honda Stepwgn” Бишкектен Токтогул районуна бара жаткан. Ал эми “Volvo” жүк ташуучу унаа Баткенден Бишкекке келе жаткан.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, “Honda Stepwgn” унаасынын айдоочусу уктап кетип, жүк ташыган унааны сүзгөн. Жеңил унаа үчкө бөлүнүп кеткен, кырсык катталган жерден 8 чоң киши, 1 өспүрүм каза болгон. Азыр маркумдардын сөөктөрү өлүкканада. Алардын аты-жөнү такталууда.
Ал эми жүк ташыган унаанын айдоочусу тирүү. Учурда жеринде кызматкерлер иштеп жатат” деп билдиришти басма сөз кызматынан.