Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Үч балам менен экинчи күйөөдөн бактылуу боло аламбы?
Үч балам менен экинчи күйөөдөн бактылуу боло аламбы?
01-февраль, 17:39
2 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жашым 30да, Жалал-Абаддан болом. Үч балам бар. Күйөөм таштап кеткенине үч жыл болоюн деп калды. Күйөөсүнөн эрте калган эжелер “балдарың жаш убагында күйөөгө чык” дейт. Бирок мен экинчи аял болуп жүргүм жок. Балдарымды таштап, күйөөгө да тийип кете албайм. Жалгыздыктан да тажайм. Көнүп калдымбы билбейм, бирөөнүн үйүндө тирлик кылышымды да элестете албайм. Өзүмдүн үй-жайым бар. Кандай кыларымды билбей, ойго чөгөм. Үч балам менен же үй-бүлө күтүп кереги жокпу?
Жыпара