Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таянганы күчтүү Болот Купешов турист болуп, кураторлорун тоготпой калганда

Таянганы күчтүү Болот Купешов турист болуп, кураторлорун тоготпой калганда

23-октябрь, 11:25
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министри Болот Купешов эки жумадан бери аймактарды кыдырып жүрүптүр. Эмне максат менен айланып жүргөнү деле белгисиз. Мектептерге барып мугалимдер менен учурашып, бирок, алты айдан бери чеке жылытарлык иши болбогондуктан, куру кол конокко келген кишидей болуп, “айлык көбөйөт” деп айта албай, жаркын өзгөрүүлөр болору боюнча ишендирүүгө тили барбай, же “окуучулардын китеп маселесин чечем” деп айта албай, ал-жай, ден соолук сурагандан башкага жарабай, мугалимдер болсо тирүү министрди биринчи көргөндөрүнө сүйүнүп, суроолор менен министрдин башын оорутпай, колдорунан келген сыйын көрсөтүп узатып жатышкан экен. Билим берүүнүн, илимдин көйгөйлөрү чачтан көп болуп жатканда министр Болот Купешов бейкапар турист болуп жер кыдырып жүргөнүнө жол болсун.

 Таянганы күчтүү Болот Купешов Акүй, Көкүйдөгү кураторлорун тоготпой, алар менен эсептешпей, өз каалаганын жасап, билген намазын окуй берет тура. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер