Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алексей Филатовдун акыркы посту: “Азыр сага 15, 20, же 28 жашпы, болгону окуп кой!”

Алексей Филатовдун акыркы посту: “Азыр сага 15, 20, же 28 жашпы, болгону окуп кой!”

13-сентябрь, 13:14
1 418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Телеалпаруучу Алексей Филатов кечээ, 12-сентябрда  пневмония оорусунан көз жумду. Ал акыркы ирет эки апта мурда өзүнүн социалдык баракчасына төмөнкүдөй маанидеги пост жазган:

“Кайсы бир күнү сен өзүңдүн жашооң тууралуу ойлоносуңбу? Убакыт ушунча тез өтүп жатканын түшүнөсүң да, дагы эле эч нерсе кылбаганыңа “селт” этип кетесиң.

Азыры сага 15, 20, же 28 жашпы, болгону окуп кой! Суткада 24 саат бар. Ар бир күн сенин терезеңе жаркырап тийген күндүн нуру менен башталат. Дагы мектепке барыш керек, колледжге барыш керек, ишке барыш керек деп наалыйсың.

Көзүңдү ач, күнүм. Бир эле ирет мектепте окуйсуң. Өмүрүңдө бир гана ирет бир ишке эч ойлонбой мамиле кыласың, ал болсо кийин өмүрүңдө өтө зор мааниге ээ болот жана сага дагы, жакындарыңа дагы чоң таасирин тийгизет.

Күлкү. Алгачкы сүйүү. Кубаныч. Жолугушуулар. Сабактан качуу. Кеч. Жай. Сенин өмүрүң кайда шашып бара жатат? Ойлон. Ар бир учурду баала! Ар бир учурда буга чейин болуп көрбөгөй сезим менен жаша. Анткени жашооңдо бир гана ирет 15, 20 жаш болот...” деп жазган алпаруучу акыркы постунда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер