Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мейрамкүл Сыдыкова: “Дөөлөт бала кезинен эле Манасты токтоно албай айтчу...”

Мейрамкүл Сыдыкова: “Дөөлөт бала кезинен эле Манасты токтоно албай айтчу...”

22-ноябрь, 14:39
1 530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айтылуу манасчыбыз Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор китебине катталуу аракетинде Ала-Тоо аянтында 14 сааттан ашык тынымы жок Манас айтты. Буга жумурай журт, калайык калк күбө болду. Ал күнү манасчы инибиз Дөөлөттүн апасы Мейрамкүл эже да күйүп-бышып, бир чети сарсанаа болуп жүргөнүн, атайын айылдан келип, уулуна дем-күч, кубат берип турганын байкадык. 

-- Мейрамкүл эже, сиз казактын кызы экениңизди билебиз. Кандайча Кыргызстанга келип калгансыз?

-- Ооба, улутубуз казак экенин танбайм. Ал элде “улуу жүз”, “орто жүз” жана “кичүү жүз” деп бөлүнөт эмеспи. Мен жезказгандык “орто жүздүн” кызымын. Дөөлөттүн атасы Качкын менен Кыргызстанга бүлө болуп келгем, кыскача ушу.

-- Дөөлөт уулуңуздун манасчылык өнөрүн качан байкагансыз?

-- Кенедейинен көкбет болчу. Айтканынан кайтпаган. Кээде бир нерсеге жумшасаң, бир топко ойлонуп тура берчү. 12 жашынан аян алыптыр. Ага чейинкилерин мага айтпай жүрө бериптир. Өзү теңдүү балдар менен талаага чыкканда аларды кыдыракей отургузуп алып, Манас айтчу экен. Кээде өзү жалгыз болуп калганда убакыттын ченеми жок айта берчү. Жанагы балдар менен уй, кой кайтарып жүргөндө Дөөлөттөн Манастын тиги же бу окуясын суранышканда, айтып атып, кээ бир учурда ээлигип, токтоно албай ыйлачу тура.

-- Жараткандын касиети ыроологон адамсыз. Алдын ала үй-бүлөдө болчу окуялардан айта койчу экенсиз...

-- Төркүнүмөн чыкканда эле түшүмдө жети жаздык алып чыгыптырмын. Жети кыз удаа төрөдүм. Кийин эркек төрөрүмдүн алдында да түш көрүп, аны айтсам, атабыз (Дөөлөттүн атасы Качкын) “түшүңдү көп элге айта бербе” дээр эле. Уулум чоң энесин жакшы көрүп, ээрчип чоңойгон. Удаа эле эгиз уулду болдук. Ошондо Дөөлөт менин курсагымды кучактап алып, “апам эгиз төрөйт, аттарын Кайратбек, Баатырбек коёбуз” дей берчү. Эгиз балдар менен Дөөлөттүн туулган күндөрү бир күн... Дөөлөт үйдө эмне болуп атканынан эч кабар албай, өз дүйнөсүндө жүрө берчү. Жоош бала болуп чоңойду. 

-- Дөөлөттүн манасчылык чоң өнөргө жолун ким ачкан?

-- Атасы 12 жашында ачты. Элди чогултуп баталарын беришкен. Мына ошондон кийин улуу өнөрдү аркалап калганда ар дайым жанында жүрдү. Алгач Ысык-Көл жергесинде “Мээрим” фонду уюштурган чоң сынак өткөн. Ошондо да атасы жанында жүрдү. 

-- Мейрамкүл эже, Дөөлөт экөөңөр сырдашасыңарбы, бала кездегисин эстетип?..

-- Мектепте окуп жүргөндө кимдин кызы менен сүйлөшкөнүн, кимдин кызын жаман көрүп тийишкенин айтып, эмнеге жаман көрүп калганын көпкө божурап берчү. Азыр  шаардан айылга келе калганда ал-жайды сурашабыз, турмуш-тиричиликтерин, балдарынын таттуу кыял-жоруктарын айтып беришет.   

-- Өткөндө Ала-Тоо аянтында уулуңуз Манас айтып атканда кандай сезимдерде болуп аттыңыз?

-- Уулумдун Манас айткандарын далай жолу угуп эле жүргөм. Бала кезде деле айтып баштаганда, үйдө зарыл иш болуп атса да токтотчу эмесмин. Аягына чейин айтсын деп жөн койчумун. Бу жолкусу бир башкача болду. Эл алдына чыгып, бир нече убакыт токтобой, тынымы жок айтат дешсе “эми кандай болот?” деп бир аз санааркадым. Антпей койбойт экенсиң. Ар бир эне баласын ойлойт да. Атасынын көзү өтпөгөндө жанында болмок. Эң негизгиси, кыргыздын керегине жарап, суук көздөн, суук сөздөн сырткары, аман болушун тилеп отурам.       

  

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер