Бирөөнүн күйөөсүн сүйүп, жылуу мамиле кылган жагып калды...


Бир кезде мен күйөөмдүн саткынчылыгынан жабыркаган аял болчумун. Ал мага кайталап чыккынчылык кылып жүрдү. Ошондо өзүмө: “Эч качан бирөөнүн күйөөсүнө ашык болбойм” деп убада берген элем.
Ажырашкан соң көпкө чейин жалгыз жүрдүм. Анан бир адам менен таанышып калдым. Ал да ажырашкан, бир баласы бар. Мамилеси назик, урмат-сыйы жакшы. Көп өтпөй, ал мурдагы аялына кайтып, жарашууну ойлоп жатканын айтты. Мен түшүнүү менен кабыл алдым, бирок ичимден оор болду.
Бирок экөөбүз бири-бирибизди сагына баштадык. Акыры кайра жашыруун жолугушуп жүрөбүз. Ал мени алдабайт, аялы жөнүндө жаман айтпайт. Мен да ага турмушка чыгууну каалабайм – азыркы жашоом өзүмө жагат. Бул мамиленин туура эмес экенин билем, бирок ансыз кыйналам. Тагдырдын тамашасы болсо керек...
Жылдыз











