Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн Садыр Жапаров Тажикстанга барат

Бүгүн Садыр Жапаров Тажикстанга барат

28-июнь, 11:53
1 744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 28-июнда Түркмөнстанда иш сапары менен жүргөн өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстанга барат. Бул тууралуу буга чейин президенттик аппараттан кабарлашкан.

Анда Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушат. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Эске салсак, 30-апрелде Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан. Сүйлөшүүдө мамлекет башчылар май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер