Жакшылык Матанов: “Коронавирус менен 1 жыл! Балдарды кудай сактасын...”


Жарандык активист Жакшылык Матанов төмөндөгүдөй пикири менен бөлүштү.
"Шүгүр кылган нерсем, кичикей балдар муну оңой эле грипп сыяктуу жеңип кеткенинде.
Жайында оору күчөп турган учурда, больницаларды кыдырып жүрүп, эгер балдар дагы чоң кишилердей ооруган да эмне кылаар элек? Апасы жанына жатса, анын дагы ден-соолугуна коркунуч жаралмак... Жанында апасы жок болсо бала байкуш томсоруп эмне кылмак (?) деген сыяктуу суроолор мээми жеп жатчу.
Азыр ушунчалык шүгүр кылам, жеке мен ачкалыкка чыдайм, өзүм ооруп калсам дагы чыдайм, айтайын дегеним, баардык кыйынчылыка чыдамакмын, бирок балдар ооруп, эне менен баланы ажыратып, какшап ыйлап турганына чыдамак эмесмин. Азыр элестеткенде жүрөгүм шуу дей түшөт.
Шүгүр, келечегибиз болгон балдар аман болсун!"











