Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаровго мектеп окуучулары да ишенбей калыштыбы?

Акылбек Жапаровго мектеп окуучулары да ишенбей калыштыбы?

26-декабрь, 09:01
640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эске салсак, буга дейре Акылбек Жапаров мугалимдерге, мектеп окуучуларына ноутбук алып берүүнү айтып, “эмчек шишиткендей” эле үмүт кылдырып койгон. Дегенибиз, бул демилге жакында ишке ашпайт. Кызылдай калпты шыпырылта береби? Бала бакчаларга тамак бере албай тартышып, талаш жаралып жатканда, кичине Кудайды карап сүйлөбөйбү? Ал эми ноутбуктун баасына келсек, жакшылары 70-100 миң сомду чапчыйт. Ошондо өлкөдөгү мугалимдер менен окуучуларды эсептеп көргүлө. Ар бирине алып берсе, канча каражатты талап кылат? Мамлекеттин бюджети көтөрө алабы? Деги кургак сандар менен чаргыткан өкмөттүн шаасы келеби? Азырынча мектептерди ноутбук менен камсыз кылуу тек гана кыял сыңарындай. Башка толгон-токой жыртык-тешиктерди бүтөй беришсин да, туурабы? Акылбек Жапаровдун көбүртүп-жабыртканын, калпты урдурганын жадагалса окуучулар деле түшүнүп калышты го? Эмнеге мынча элди келесоо ойлоп, оюна келгенди сүйлөп, тапанданып, кыйынсына берет? Ток этерине келсек, эми мектептеги тестиерлер да Акылбекке ишенбей калышса – келечек муунга тескери үлгү жаратканы да!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер