Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжан Шерипбаева: “Ыйман жүрөктө болмоюн, жоолук, дамбал жана сакал жардам бербейт”

Гүлжан Шерипбаева: “Ыйман жүрөктө болмоюн, жоолук, дамбал жана сакал жардам бербейт”

10-август, 12:00
2 438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“NazarNews” маалымат агенттигинин жетекчиси менен маек.

-- Гүлжан Каримовна, акыркы мезгилде улуттук баалуулуктарды талкалоого аракет кылган, кыргыздын каада-салтын жок кылууга багытталган иштер тымызын жайыла баштады. Эгер бул темп менен кетсек, кыргыз аялдарынын жашоо образын жоготуп албайбызбы?

-- Туура айтасыз. Акыркы учурларда кыргыздын улуттук баалуулуктары унутта калып бараткансыйт. Кара паранжы жамынган аялдар, көчөт кыздарга жоолук салууну адатка айландыргандар көбөйдү. Чынын айтсам, мени ушул тенденция ойго салат. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө мындай нерсе мода сыяктуу кабылданып, мезгили келгенде баары ордуна келет деп ойлойм. Бирок, ага чейин бул нерсе коомго сиңип, адамдын аң-сезиминен орун алып, аялдар эркиндигин жоготуп, туңгуюкка кабылып калабы (?) деп кооптоном. Айтайын дегеним, бул көрүнүш кыргыздарга өтө жат нерсе. Тилекке каршы, сырттан караганда караңгылыктан улам адамдар барган сайын кылым карыткан нарк-насилди унутуп, бакма коёндордун кейпин кийип баратат. Элдин пейили бузулуп, улуу менен кичүүнүнүн ортосунда сый жокко чыкты. Эл, өлкө астында, коомдук адеп-ахлак менен жекече жүрүм-турум балчыкка батып, салтыбызды жерип, адеп казынасын жерге бердик. Заманга жараша өзгөрүү деген менен кыргыз тескери кетип, тентек, келечеги жок кыялдарга батып, карыяларды калкан, ата-энесин пир кылган кыргыз калкы "устазым айтты" деген сөзгө өттүк. Эл эңсеген жаңылануу болбой, көкүрөгүбүз менен көзүбүз сокур болуп, кыргыз төрт миң жыл тарыхынан, баатыр бабалардын арбагынан, мурасынан, улуу дөөлөтүнөн кечип, баарынан баш тартып, көрүнгөн элдин көчүрмөсү болгонго көнүп, намысын жоготуп, рухий кулга айланып баратабыз. Андыктан, жалпыбыз кыргыз болуп төрөлгөн соң өзөгүбүздү сактап, көзүбүздү сокур, көкүрөгүбүздү кор кылбай, улут үчүн күйбөсөк болбой турган абалга келдик! 

-- Мындай абалдан чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

-- Оңолууну өзүбүздөн башташыбыз зарыл. Эл өзү көсөмдүк кылып, нарк-насилди карманбаса, бийлик канча алмашпасын, өлкө башына ким келбесин, Башмыйзам канча жолу жаңыланбасын, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт! Адам баласы өз бактысы үчүн кандай күрөшсө, эл дагы келечеги, тагдыры үчүн ошондой күрөшүүсү зарыл. Тазаланып, кайра жаралууну сырттан бизге эч ким алып келип бербейт. "Алты саным аман турганда, /Ыйык кыргыз жеримди душмандын буту басканча, /Асыл кыргыз элимди тебелетип, бөтөн элге кор кылганча, /Туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн. /Аткарбасам антымды, төшү түктүү жер урсун, Көкө Теңир өзү урсун!" деп Манас атабыз ант берген. Нечен жылдан бери Манас атабыздын арбагы өлбөй, өчпөй, кыргызды дүйнөгө таанытып, даңалазап коргоп келе жатат. Кыргыздын канында Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Сайкал энелерибиздин бир тамчы болсо дагы каны бар. Ошол тамчы канды кор кылбай, көртирликке көмүлбөй, эл, мекен, улут, өлкө тагдырын ойлоо – ар бир кыргыздын улуу милдети. Дастан Сарыгулов атабыз айткандай, кемтилген китеп өңдөнбөй, кемип турган кыргыз болбой, ниетти түз кылып, мамлекеттин абалына кайдыгер болбошубуз керек. Кыргызстан бейиштин төрү болсо, Жер энени капа кылбайлы. А Жер эненин карызынан денеңди берип кутуласың... Саясатчы миң болсо, мамлекет бирөө гана, жеке кызыкчылыктарга алдырбайлы. Каада-салтыбызды, нарк-насилибизди сактап, өсүп келаткан муундарга туура тарбия берели.

-- Динге каршысызбы?

-- Жок! Динди беткап, Кудайды курал, жоолукту жосунсуз жорукка айлантканга каршымын! Динге болгон ишенимди динчилер жокко чыгарып, айрымдар сакалчан менен оронгонду көргөндө итиркейи келе баштады. Хиджап кийгендин өзүнүн эрежеси бар. Көпчүлүк кыздар хиджапты шым менен кийсе, айрымдары кепка менен кийгени туура эмес. Алардын көбү намаз окушпайт. Мисалы, Кыргызстанда диндин 73төн ашуун түрү бар экен. Ошондуктан  баардык нерсеге кылдаттык менен карап, кыргыз экенибизди унутпай кадам таштасак деген ой. Баса, мен эки жолу Каабага бардым. Биринчи барганда алардын кемчилигин оозеки, экинчи барганда жергиликтүү телевидениени чакырып, алыстан барган зыяратчыларга жасаган терс мамилесин айтып бергем. Эмне үчүн Кыргызстандагы ашкере динчил, калкты караңгылыкка сүйрөп бараткандарды айтпашыбыз керек? Намаз окусун, өзү үчүн. “Мен намаз окуйм, сен дагы оку” деп таңуулаган болбойт. Ар ким тозокко түшсө, Кудай алдында өзү жооп берет. Анан эле “10 миң жолу келме окуп койсоң күнөөлөр кечирилет” деген кантип болсун? Менимче, Кудай кечиримдүү эмес, “жизнь бумеранг” деген сөз бар эмеспи. Кудай күнөө кылган пендени тирүүсүндө жазалайт, аны баарыбыз көрүп жүрөбүз.

-- Дамбал же оронгондор тууралуу айтып берсеңиз?

-- Адам өзүнүн кемчилигин кийим менен жаба алабы? Ыйман жүрөктө болсун. Тилекке каршы, азыр динге өтө ашынгандардан сабак албай, “өлтүрөм”, “канчык”, “сени жок кылам”, “мууздап кетем”, “төрт катын алыш керек” деген сөздөр айтыла баштады. Мындай айтканда, “кайсы арыңа төрт катын аласың? Алдагы согончогуңду таза жууп алып сүйлөчү!” деген жан жок. А дамбал Кыргызстандын жаратылышына дал келбейт. Арабияда ошондой кийинбесе, күндүн ысыгы чыдап тура алгыс. Негизи эле кыргыз болгон соң, кыргыз боюнча калыш керек. Кыргыз болуп төрөлүп, ар кайсы улутка ыктап кете берсек, өлкөнүн тагдыры, келечек муундун эртеңи эмне болот? Намазды окуп, тозок, акырет, төшөк маселесине токтоло бербей, билим алса (!) деген ой. Жакында эле Өзбекстандын көрүнүктүү имамы “окуп, билим алгыла, 300 жолу келме окуп, дүкөнгө барып бир кил эт сурагыла, береби же бербейби?! Ошондуктан окугула” деди. Азыр айрымдарга ишеним жок, эртең Кудайды күнөөлөп чыккандан тайбагандар баш көтөрүшөт. Учурда дүйнө жүзү өнүгүп жатса, биз артка кайттык. Бул – трагедия. Дагы кайталап айтам, Кудайдын каарына калып атабыз, буга дүйнө жүзүндө болуп өткөн суу ташкыны күбө. Сауд Арабиясында кылымда жер титиреген эмес, шаар суу астында калды. Ысык-Көлгө аян белги түштү, бул көрүнүш дүйнө жүзүнө Кудайдан келген алдын ала эскертүү. Ыйман жүрөктө болмоюн, жоолук, дамбал жана сакал жардам бербейт. Ушул жагын өздөрүнүн тили менен айтканда, тозокко жол ачуу. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер