Акыркы кабарлар
» Саясат » Сабырбек Жумабеков кызматка кайра кайтышы мүмкүн
Сабырбек Жумабеков кызматка кайра кайтышы мүмкүн
07-сентябрь, 18:55

Бүгүн, 7-августта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев саламаттык сактоо министри кызматына бараткан Гүлнара Баатыровадан ортопед Сабырбек Жумабековдун кызматтан алынышы боюнча пикирин сурады.
"Сабыр Артисбековичти абдан сыйлайм. Кыргызстандагы эң мыкты травматолог, бизде эле эмес чет өлкөлөрдө дагы таанымал академик, профессор. Азыр травматологиянын жарымы Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына, жарымы улуттук госпиталга келди. Травматологдорду чогултуп, маселени кайра карайлы деген оюм бар. Сабыр Артисбековичтин кызматын колдо бар алтындай көрүп пайдаланышыбыз керек. Мындай мыкты адистерибизди сөзсүз түрдө баалашыбыз зарыл" деди Баатырова.
Эске салсак, ушул жылдын башында Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору “Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” болуп кайра түзүлгөн. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна Памир Муратовду дайындаган.